Келечекте интернет жоголот, – Googleдун башчысы Э.Шмидт
Google компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Эрик Шмидт жакынкы келечекте Интернет жоголо турганыгын айтты, деп жазат Daily Mail. Бул маалыматты РБК таратты.
Интернеттин келечеги тууралуу айтып берүү өтүнүчүнө ал: «Мен жөн гана жооп берем — интернет жоголот», – деди Давосто өткөн Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга катышкан Шмидт.
«IP-даректер, түзүлүштөр, датчиктер, силер өз ара аракеттешип, алып жүргөн нерселер ушунчалык көп болот, өзүңөр да сезбей каласыңар», – дейт ал.
Googleдун башчысы технологиялык фирмалардын келечектеги мүмкүнчүлүктөрү тууралуу: «Жогорку деңгээлде персоналдаштырылган, интерактивдүү жана абдан кызыктуу дүйнө болот», – деп билдирди.
Ошондой эле, ал кошумчалагандай, технология тармагындагы жетишкендиктер жаңы жумуш орундарынын толкунун жаратып, инновация жаңы муунга коркунуч алып келбейт. Анын пикиринде, жогорку технология тармагында түзүлгөн ар бир жумуш орду башка тармактардагы 7 жумуш ордун ачууга алып келет. Ал эми, Европада бирдиктүү санариптик рыноктун түзүлүшү 4 жаңы жумуш ордун ачууга шарт түзөт.


Leave a Reply