казатКазакстандын Алматы шаарында 14-17-ноябрда III эл аралык “Ачык Борбордук Азия” адабий фестивалы өткөрүлөт.

Эл аралык III адабий фестивалга атагы алыска кеткен, көөнөрбөс көркөм чыгармалары менен миңдеген китеп окурмандардын урмат-сыйына арзыган калемгерлер катышышат. Алардын катарында: Януш Леон Вишневский (Польша), Хамид Исмаилов (Улуу Британия), Пол Вильсон (Австралия) жана башкалар бар. Боордош Казакстанда өтүп жаткан адабият фестивалына Азербайжан, Ирландия, Улуу Британия, Америка Кошмо Штаттары, Түркия, Россия, Түштүк Африка, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Эстония өңдүү өлкөлөрдөн дүйнөгө кеңири таанылган акын-жазуучулар менен калеми жаңыдан төшөлө баштаган жаш авторлордун катышуусу да күтүлүүдө.

Эл аралык деңгээлдеги адабий фестивалга ардактуу конок катары Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Казат Акматов чакыруу алды. Дүйнө жүзүнүн төрт бурчунан келген калемдештерине Казат Акматов азыркы учурдагы кыргыз адабиятынын айдыңында болуп жаткан оош-кыйыштар жөнүндө кенен-кесир баяндап берери шексиз.

Адабий фестивалдын жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыктар менен сыйланышып, жогору бааланган адабий-көркөм чыгармалар Лондондун белгилүү басмаканасынан 2016-жылы жарыкка чыгарылат.

 К.Манасова