Казакстан камсыздай турган электр энергиясынын жалпы көлөмү 1,4 млрд кВт/саатты түзөт. Бул тууралуу президенттин Аппарат жетекчисинин орун басары даражасындагы президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков билдирди.Мурдараак, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев КР президенти Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушуусунда «Казакстан Кыргызстанга 2014-жылы 400 миллион киловатт/саат, 2015-жылы 1,4 миллиард киловатт/саат электр энергиясын берерин» айткан.

«400 млн кВт/саатты биз товар айлантуу боюнча камсыздайбыз, башкача айтканда, сугат маалында биз электр энергиясын иштеп чыгарыбыз, Казакстанга жөнөтөбүз, албетте сууну алар алышат. Бул товар алмашуу. 400 млн демек суу кое берүү. Сууну кое берүү дагы дароо кылынбайт, башкача айтканда ал жакта графиктер болот. Бул графиктер макулдашылат. Ал эми 1 млрд кВт/саат, бул күндөрдөн баштап 200 млн боюнча ар бир ай боюнча кое берилет. Жалпы 1 млрд 400 млн кВт/саат»,- деп түшүндүрдү Сапар Исаков.

«Дүйшөмбүдөн тарта КРнын энергетика министри Жамбылга барат. Ал жакта алар электр энергиясын камсыздоо боюнча келишимдин долбоорун иштеп чыгышат»,- деп кошумчалады бөлүм жетекчиси.

Ал, электр энергиясына карата баа тууралуу, казак энергиясы баа боюнча жогору болгондуктан калкка бааны арзандатуу үчүн аны кыргыз баасы менен аралаштыруу варианты каралып жаткандыгын билдирди.

Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, казак электр энергиясынын алдын ала баасы 5,13 сомдун айланасында болжолдонууда.