Каржы министрлиги кабарлашууга даяр
Азыр маалымдуулуктун заманы болуп жатпайбы. Так маалыматтар коомчулукка канчалык тез жетсе, айкындуулук орноп күмөн ойлордун туулушуна шарт түзүлбөйт. Илим менен жаўы технологиялар дүркүрөп өсүп-өнүгүп жаткан учурда андан артта калуу жалпы иштин жүрүшүнө кедергисин тийгизет.
Жакында Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан жарандардын www.projects.minfin.gov.kgэлектрондук дареги аркылуу инвестициялык долбоорлорду талкуулоого, баалоого жана мониторинг жүргүзүүгө катышуу үчүн атайын электрондук аянтча түзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирет. Электрондук аянтчаны түзүүнүн максаты – өлкө жарандарынын маалыматка ачык-айкын жетүүсүн жана өнүктүрүү долбоорлоруна көз салуу, баа берүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо болуп саналат. Ошентип, Финансы министрлиги бардык адамдарды жогоруда аталган электрондук аянтчага чакырат жана жарандардын өнүктүрүү долбоорлорун талкуулоого активдүү катышарына ишеним артууда.
Азизбек Чамашев


Leave a Reply