Карышкырды куралсыз өлтүргөн ат-башылык мектеп окуучусу Б.Жунусалиевге тайгандары жардам берген (фото)
Карышкырды аттын тизгини менен чаап өлтүргөн Нарын облусунун Ата-Башы районундагы Ак-Муз айылынын тургуну, 11-класстын окуучусу Болот Жунусалиевге анын тайгандары жардам берген. Б.Жунусалиев менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы жолуккан.
Буга чейин маалымдалгандай, 28-октябрь күнү эртең менен Ак-Муз айылындагы 30 км алыстыктагы Көк-Күмбөз кыштоосунда карышкырга туш келген Б.Жунусалиев аны куралсыз өлтүргөн.
«Куралсыз жүргөндүктөн карышкырды көргөндө коркуу сезими болду. Өзүм менен ээрчип жүргөн 3 тайганым менен карышкырды куралсыз өлтүрдүм», – деди Б.Жунусалиев.





Булак: Баракелде

Leave a Reply