Каримов 77 жашты багынтты, бирок бийликтен чегинбейт
30-январда Президент Алмазбек Атамбаев кесиптеши, Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримовду туулган күнү менен куттуктады.
Ислам Каримовго чың ден соолук жана мамлекеттик жооптуу ишине ийгиликтерди каалаган Алмазбек Атамбаев эки өлкө ортосунда көп кылымдардан бери уланып келаткан достук жана кошуналык мамилелер мындан ары да чыңдала берерине ишенээрин билдирди.
Эске салсак, Өзбекстандын Баатыры Ислам Каримов 1938-жылы 30-январда Самаркандда туулган. Өлкөнү 1989-жылдан бери жетектеп келе жатат. Экономика илиминин кандидаты. Жашы 77де экендигине карабастан, ал үстүбүздөгү жылдын март айында өтүүчү президенттик шайлоого кайрадан катышууга кам көрүүдө.


Leave a Reply