лавина

2014-жылдын 3-декабрынан 5-декабрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан катуу жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарындагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр  аралык кыймылы так сакталышы зарыл.

Ошого байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун башчысы-Премьер-министрдин 2014-жылдын 22-ноябрында № 22-буйругу чыккан.