deti2

Социалдык өнүктүрүү министрлиги калктын талылуу маселелерин чечет. Акыр-аягы көрүнбөгөн иштердин бир жыл ичинде канчасы бүтүп, канчасы калганы, жетишкендиктерине жана көйгөйлөрүнө саресеп салып көрдүк. Аталган министрликтин маалыматына караганда, 2014-жылга коюлган план-максаттардын дээрлик бардыгы аткарылган.

Кепилденген эң төмөнкү киреше 705 сомго жетти

Негизинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө төлөнүүчү жөлөкпулдун өлчөмү жыл сайын жогорулатылып турат. Эгерде 2011-жылы кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 370 сомду түзсө, быйыл 705 сомго чейин көтөрүлгөн. Бул иштер үчүн республикалык бюджеттен 2 миллиарддан ашык акча каражаты каралган.

Учурда республика боюнча бардык социалдык төлөмдөрдү алуучулардын саны жалпысынан 475 миң адамды түзөт. Анын ичинен 105 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлөнүн 310 миң балага ай сайын жөлөкпул төлөнсө, 77 миң адамга ай сайын 1000 сомдон 3000 сомго чейин социалдык жөлөкпул берилет. Кош бойлуулук, төрөт жана сөөк койгонго 37 миңден ашык адам жөлөкпул алышат. 51 миң адамга ай сайын 1000 сомдон 7000 сомго чейин акчалай компенсация берилет. Негизинен, 2014-жылы республикалык бюджеттен мамлекеттик социалдык төлөмдөргө бардыгы 6 млрд. 122 млн. сом сарпталган.

Күнүмдүк тамак-аштын каражаты эки эсеге көбөйдү

Министрликке караштуу социалдык-стационардык мекемелерде жайгашкан адамдардын күнүмдүк тамак-ашка бөлүнгөн каражаты көбөйтүлгөн. Бул маселе көп жылдан бери чечилбей келген. Ал мамлекеттин бюджетинин тартыштыгына карабай, эки эсеге жогорулатылды. Буга чейин чоң адамдар үчүн 55 сом, балдар үчүн 65 сомду түзсө, эми чоңдорго 100 сом, балдарга 110 сомго көтөрүлдү.

Социалдык-стационардык мекемеде 2350 адам жашайт. Алардын ичинде кары-картаңдардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны – 747, психоневрологиялык дарт менен ооруган улуу адамдар – 1169, алардын 434ү балдар.

Аяр адамдарды коомго аралаштыруу аракети

Учурда бул маселе боюнча эки багыттуу – коомду гумандаштыруу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомго адаптациялоо иштери жүрүп жатат. Мисалы, 2013-жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Бишкекте жана Жалал-Абад облусунда атайын “Жүрөктөн жүрөккө” аттуу чоң акция биринчи жолу өткөрүлгөн. Бул иш-чарага өлкөбүздүн бүт аймагынан балдарды алып келип (бардыгы 1,5 миң адам) өздөрүнүн катышуусу менен жандуу концерт уюштурулуп, белектер тапшырылган. Ушул эле акция 2014-жылдын күз мезгилинде Кара-Балта шаарында Чүй облустук жана Ош шаарында Ош облустук иш-чара болуп өттү. Мындай иш-чаралар алардын жан дүйнөсүн көкөлөтөт деген ишенимде дайыма уюштурганга аракет жасалууда. Андан сырткары, Бишкек жана Ош шаарларында “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын ийгиликтүү тажрыйбалары” деген темада тегерек үстөл өткөрүлгөн.

Парасыз эле иш жүрөт

Врачтарга пара бермейинче күбөлөндүрүү иштерин жүргүзүшпөйт деген сөздөр азыр чындыкка дал келбейт деп белгилейт аталган министрликтин жетекчиси К.Базарбаев.

Бүгүнкү күндө андай фактылар катталган эмес. Учурда медико-социалдык экспертизалоо комиссиясын реформалоо боюнча иштер жүрүүдө. МСЭК, мурдагы ВТЭК 1932-жылдан бери эски ченемдик-укуктук актылар менен иштеп келген. Ошол убактан бери маанилүү эч кандай өзгөрүүлөр болгон эмес. Башталган реформа ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү ар бир адам менен жеке иштөөгө багытталган. Мурда МСЭКте майыптуулук тобун берип келишкен. Азыркы жүргүзүлүп жаткан жаңы принцип боюнча бул майыптуулук тобун жоюу менен бирге ар бир ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын эмгекке болгон жөндөмү пайыздык чен менен аныкталат.

Бул жаатта быйыл Өкмөттүн токтому чыккан. Токтомго ылайык аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын төрагасы 3 жылдык мөөнөткө бир гана жолу дайындалат. Райондор аралык МСЭКтердин төрагаларынын курамы 30%га өзгөртүлдү. Тактап айтканда, ротация жолдору менен жетекчилери алмашылды. Мындан тышкары, 2015-2017-жылга чейин бул тармактагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүү киргизүү иштери каралган.

Аярлуу катмардын катары жаш

Бүгүнкү күндө мамлекетибизде 162 миңден ашык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам болсо, анын ичинен 26 миңден ашыгын 18 жашка чейинки балдар түзөт. Учурда республика боюнча 948 социалдык кызматкерлер 10 миңге жакын андай адамдарыбызды үйлөрүнөн тейлешет. Белгилей кетсек, бул кызматкерлердин бир айлык маянасы 3800 сомдон 6500 сомго чейин көтөрүлдү. Бул көрсөтүлүп жаткан социалдык кызматтардын сапатын жогорулатууга өбөлгө болот деп ишенсек болот. Жыл сайын 14 миңден ашык протездик-ортопедиялык буюмдар, ортопедиялык бут кийимдер жана кресло-коляскалар даярдалып, 8 миң мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар өз учурунда акысыз камсыз болушат. Кайрылган бул категориядагы адамдардын сунушун эске алып, кресло-коляскаларды колдонуу мөөнөтүн 7 жылдан 5 жылга чейин кыскартышкан. Реабилитациялоодон өтүүсүнө, дарылануусуна шарт түзүлгөн. Жыл сайын республика боюнча 500дөн ашык жарандарыбыз министрликке караштуу реабилитациялоо борборунда бекер дарыланып, ден соолуктарын чыңдап кетишет. Мындан тышкары, санатордук-курорттук дарыланууга жолдомолор берилет. 2014-жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 1950 адамга санатордук-курорттук жолдомо берилген.

2014-жылы 17 ымыркай мекенине алынып келди

Репатриациялоо иштери, башкача айтканда, чет жакта ата-энесинен кароосуз калган балдарды өз өлкөсүнө кайтаруу иштери жасалууда. 2014-жылы 17 ымыркай мекенине алып келинген. 2011-2014- жылдары 44 бала мекенине кайтарылган. Бул балдарды өлкөгө алып келген соң, аларды үй-бүлөлүк чөйрөгө кайтаруу үчүн тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлөт. Кыргызстанга алынып келген 44 баланын ичинен: 5 бала өз үй-бүлөлөрүнө кайтарылды, 15 бала соттун чечими менен асыроого берилген, 2 бала камкордукка алынып, 22 бала азыркы күндө балдар мекемелеринде тарбияланууда.

Кыргыздар дарты бар балдарды асыроодон качышат

Ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча министрлик тарабынан бир топ иштер аткарылды. Алар үчүн улуттук асыроо биринчи кезекте турат. 2010-жылдан 2013-жылга чейин улуттук асыроого 4436 бала берилсе, чет өлкөлүк жарандар 9 баланы асырап алышты.

Министрлик мамлекеттер аралык асыроону ишке ашыруучу чет өлкөлүк уюмдарды аккредитациялоо тууралуу жаңы жобо иштеп чыгып, ал Өкмөт тарабынан 2013-жылдын декабрь айында бекитилген. Министрдин белгилегенине караганда, бул жободо коррупциялык механизмдер жоюлган. Тактап айтсак, эл аралык уюмдар үчүн мурда бир мамлекеттен 3 гана уюм катышса, азыр ал чектөөлөр алынып салынган. Мындан улам чет өлкөлүк уюмдарды тандоо жол-жобосу катуулангандыгы менен бирге Улуттук коопсуздук комитетинин, Ички иштер министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин жоопкерчилиги күчөтүлгөн. Социалдык өнүгүү министрлиги балдарды асыроого керектүү документтерди даярдайт. Ал эми баланы асыроо боюнча чечимди сот чыгарат.Учурда кароосуз калган балдар боюнча маалымат банкында 153 бала каттоодо турат. Тилекке каршы, Кыргызстандын жарандары ар кандай дарты бар оорулуу балдарды багып алуудан качышат. Ошондуктан, андай балдар чет өлкөлүк үй-бүлөлөргө асыроого берилет. Чет өлкөлүк багып алган ата-энелердин аң-сезими такыр башка. Алардын балдарды дарылаганга эң негизгиси, каалоосу, ниети жана мүмкүнчүлүгү бар. Буга далил катары бир мисалга токтолсок, 2013-жылы биринчи жолу Америка Кошмо Штаты менен түз телекөпүрө өткөрүлүп, биздин кыргыз балдарды баккан үй-бүлөлөр менен байланышка чыгышкан. Алар менен АКШдагы биздин элчибиз да чогуу олтурган. Түз байланышта бир үй-бүлөнүн атасы асырап алган кыздын операциясына 57 миң долларды сарптаганын айткан.

Бактыгүл КУЛАТАЕВА