“Кыргызстанда маал-маалы менен электр жарыгы өчүрүлөт” –деген сөз ириде ооруканалардын жетекчилеринин жүрөгүн өйүгөн өтө кейиштүү маселеге айланган. Себеби өкмөт канчалык “ооруканаларда жарык өчпөйт” –деп кепилдик бербесин баары бир жарык өчүрүлө берет. Баарынан коркунучтуусу операция учурунда жарыктын өчүп калганы болуп жатат. Мына ушундай коркунучтуу мүнөттөр жакында эле Жалал-Абда олбусунда катталган. Жарыктын өчүп калганына карабай телефондун жарыктары менен операция жасаган белгилүү жүрөк хирургу Калдарбек Абдраманов өзүнүн фейсбук баракчасына видеону жүктөөрү менен адаттагыдай эле кеч ойгонгон өкмөт өзүнүн шалаакылыгын билбей хирургду күнөөлөп чыкты. Окуя кандайча болгон? Хирургдун оозунан уксак.

— Калдарбек Абдраманович, акыркы күндөрдө ММКнын беттеринде, фейсбук баракчаларынын беттеринде талаш-тартыш туудурган окуя кандайча болуп кетти?

— Жарыктын операция учурунда өчүп калуусу биз үчүн жаңылык деле эмес. Буга чейин деле болуп турган. Ишенем, мындан кийин деле боло берет. Демейдегидей эле жүрөккө операция жасоо үчүн 8-октябрда киргенбиз. Жүрөктү токтотуп, өпкө менен канды иштетип туруучу апаратты туташтырып койгондон кийин жарык өчүп калды. Биз жүрөктүн эң кооптуу делген клапандарын алмаштырып жатканбыз. Жарык берүүчү, кан айландырып туруучу аппараттар батарейка менен иштегендиктен 3–4 минутка туруштук берчү. Бул сапар 26 минутка созулуп кетти. Чындыгында кооптонуп калдык. Жарык өчөөрү менен “коркпогула, мындайлар болуп эле келбеди беле”- деп өз ишибизди андан ары уланта бердик. Жарык күйөт десек күйөөр түрү жок. Айла жок, телефондун жарыктарын күйгүзгөнгө туура келди. Биздин эмчи айымдар чуркап барып, Жалал-Абад РЭСине чалып жарыкты күйгүзгөнчө 26 минут өтүп кетиптир. Биздин убакыт боюнча 30 минут болгон. Бирок Жалал-Абад РЭСи 26 минут деп жатат.

— Окуяны кандайча видеого тарттырып алдыңыз?

— Мен аны билген деле эмесмин. Операция менен алектенип жатып видео деле ойго келген эмес. Болгону ошол жерде иштеген кыздар видеого тартып коюшуптур. Операция болгондон кийин 10-октябрда биздин кызматкерибиз мага “агай, мына мен видеого тартып алгам. Кантип кыйналганыбызды көрүшсүн да” дейт. Мен аны Фейсбук баракчама жайгаштырып койгом. Анан эле ызы-чуу башталды. Көрсө аны медицина жаатында иштеген бир студент алып журналисттерге берип салыптыр. Ал болсо гезитке жазып, аны өкмөт окуп, окуя бүт Кыргызстанга тарап кетти. Менин дүйнө жүзүндө досторум бар. Мен видеону жүктөп жатып “көргүлөчү, бизде абал ушундай оор” деп айткам. Алар өздөрүнө көчүрүп алып анан баары таң калышыптыр. Тигил видеону журналистке берген болочок доктур мага “агай, мен окууну бүтсөм деле, хирург болуп иштесем бизди да ушундай тагдыр күтүп турган экен да. Мен каалабайм. Ошондуктан сизге айтпай журналистке видеону берип салдым, кечирип коюңузчу” –дейт. Макул эми эмне кылайын дедим.

— Өкмөт жетекчилеринин арасында сизди жоопко тартылсын дегендери да жок эмес. Алардын алдында жооп берүүгө даярсызбы?

— Мен атка минерлердин алдында эмес, оорулуунун алдында жоопкерчиликтен корктум. Операцияга кирип бара жатканда баарына даяр болуп киресиң. Ошентсе дагы оорулуу айыгып кетсе, бутуна турса ошол чоң бакыт. Эмнеге башкы врач менен директор генератор койгон эмес деп күнөөнүн баарын бизге оодарып жатышат. Биз операция жасайбызбы же энергетикалык иштер менен алектенибизби? Биз оорулуунун абалы жаман болсо, ийне жок болсо, туура эмес диагноз коюлса гана жооп беребиз. Ал эми энергетикага өкмөт жооп берсин.

— Өкмөт ооруканаларда жарык өчпөйт дебеди беле? Сиздердин ызы-чуудан кийин кандай жооп айтышты?

— Буга чейин биз 5–6 жерге дал ушул маселенин айынан кайрылып, “урматуу мэр, губернатор өкмөт, генератор койдуруп бергиле”-дегенбиз. Биринен да тыңгылыктуу жооп келген эмес. Алардын айтымына караганда баарын өзүбүз жасашыбыз керек экен. Өзүбүз эптеп жасайлы десек 8 жарым млн сом керектелип, атайын 1-категориядагы энергетиканы тарттырып келиш үчүн жерди каздырып, кымбат жоон зымдарды жердин астынан алып келип, анан 2 чоң трансформаторду орноттурушубуз керек экен. Мен күнүгө кезек күтүп турган оорулуулардын операциясы менен алектенемби же акча издеп энергетиктердин ишин кыламбы? Энергетиктер, өкмөт баардык шартты түзүп, даярдап, жарыкты камсыздап бериш керек эле да. Өздөрүнүн милдетин толук билишпегенинин айынан ушул кесепетке жолугуп атабыз.

— Сиздин видео жарык көрөөрү менен белгилүү хирургдар “мындай болушу таптакыр мүмкүн эмес” деп ишенбестигин айтып чыгышты. Сиз аларга кандай жооп айтасыз?

— Туура айтышат, мүмкүн эмес. Бирок айла жок биз болтурдук. Адам кыйынчылыкка бат көнөт экен да. Гезит беттеринде да ушундай пикирлерди айтып жатышат. Мен ошол кесиптештериме айтат элем. “силер өзү жүрөккө операция жасалып жатканын көрдүңөр беле, ушундай окуя башыңардан өттү беле?”-деп. Мен деле каалаган эмесмин болушун. Дагы жакшы видеого тартып коюшуптур. Видеого тартышпаса таптакыр эле ишендире албай калмак экенбиз.

— Мындан кийин да ушул окуя болбошу үчүн шарт түзүлүп жатабы?

— Мен азыр операцияларды токтотуп койдум. Болбосо ар ким ар кандай сөздөрдү айта берет экен.

— Оорулуунун абалы кандай?

— Операциядан кийин оорулуунун абалы жакшы болсо бир жума же он күндөн кийин үйгө чыгарып жиберебиз. Бул оорулуунун абалы бир аз кооптуу болгондуктан азырынча чыга элек. Биз дагы карап, дарылап атабыз. Бизде жыл сайын 300 дөн ашык операция кезекте турат.

Булак: Жаңы Ордо