курулуш

Курулуш – Кыргызстандын экономикасынын өтө динамикалуу өнүгүп бараткан, бирок көйгөйлүү тармагы. Анын салыштырма салмагы Ички дүң продукциянын (ИДП) 7 пайызына жетти. Азыр курулуш жаатында алектенген адамдардын жалпы саны 50 миңден ашык. 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары боюнча курулуш кызматтарынын көлөмү 33 млрд. сомго жеткен. Келечекте дагы ипотекалык насыялоонун жеткиликтүүлүгүнө жетишүү үчүн ири курулуш долбоорлорун ишке ашыруу алдыда турат.

КМШ статистикасы эмне дейт?

КМШ Мамлекеттер аралык статистикалык комитетинин маалыматына таянсак, Кыргызстан курулушту инвестиция кылуунун темптери боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасынан экинчи орунду ээлеген. Негизги капиталга берилген инвестициялар 2013-жылдын деңгээлине карата Тажикстанда – 28,4 пайыз, Кыргызстанда – 20,6%, Өзбекстанда – 10,8%, Түркмөнстанда – 8,1%, Казакстанда – 5,2 пайызга өскөн. Шериктештиктин калган өлкөлөрүндө негизги капиталга инвестициялардын азайышы белгиленген. 2014-жылы деле ушундай темп сакталып, Кыргызстанда курулуш тармагы өсүп баратканы байкалды. Айрыкча, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында курулуштар кучагын кенен жаюуда.

Курулуштагы көйгөйлөр

Мурда курулуш компаниялары аз болгондуктан, курулган үйлөр тез эле сатылып кетчү. Азыр андай эмес. Себеби, турак үйлөр көп курулууда. Конкуренция күчөп, алуучуларга тандоо мүмкүнчүлүгү да жаралды. Мисалы, Бишкектин өзүндө эле 50дөн ашык курулуш компаниясы бар. Азыр 150дөн ашуун үй курулууда. Компаниялар өздөрүнүн курулушунун кооздугу менен гана эмес, сапаты менен дагы атаандаша башташты. Бирок, көйгөйлөр да көп. Компаниялар уруксат берүүчү документтерди толук жол-жоболоштурбастан эле курулушту баштайт. Жер мыйзамсыз алынат, тегерегиндеги эл нааразы болот. Мындай учурларда акчалай жаза пул салынат. Кээде имаратты бузууга, өзгөртүп курууга, же мурунку калыбына келтирүүгө көрсөтмө берилет.

Өз кезегинде үй куруучулар да бул жаатта мыйзамдар бир системага түшпөгөндүгүн, бири-бирине каршы келерин айтып даттанышат. Ошондой эле тармакты тейлей турган айрым чиновниктердин коррупцияга берилгендиги көйгөй жаратууда. Бул боюнча КР Премьер-министри Жоомарт Оторбаев: “Бүгүнкү күндө Мамлекеттик курулуш, Мамтехинспекция, энергокомпаниялар жана башка мамлекеттик органдар курулуш секторуна көйгөйлөрдү гана жаратышат. Анын өнүгүшүнө тоскоолдук болууда”,- деп айткан. Айрым учурда көзөмөл болбой калганы байкалган. Маселен, Шабдан айылында жеке инвестор 10 млн. сомго мектеп куруп бүтүргөн болсо, ошол эле учурда Нарын облусунда ушундай эле суммага ошондой мектептин чатыры араң жабылган.

Кыскасы, көйгөй көп. Мамлекет тарабынан дүркүрөп өсүп бараткан тармактын андан ары көтөрүлүшүнө шарт түзүү багытында системалуу саясат жүргүзүү зарылдыгы пайда болду.

Кытайдагы тажрыйбалар

Бул багытта Кытайда чоң тажрыйба бар. Азыр шаарларын карап олтурсаң көз тайгылтат. Булар деле бир убакта кыйналышкан, бирок учурда бардыгын системалаштырып алышкандыгы байкалып турат. Биз дагы ушундай кадамга барбасак болбойт. Ар бир шаардын архитектуралык генпланы түзүлүш керек. Анткени, Кыргызстанда “строительный бум” эми гана башталды. Мамлекет ошол “поезддин” артынан кетпей, алдында кетиш керек. Бул деген керектүү мыйзамдарды кабыл алуу, каталарын оңдоп, өзгөртүү киргизүү, курулуш боюнча эрежелерди бири-бирине дал келтирүү ж.б. жумуштар. Өкмөт башчысы менен курулушчулар да мына ушуну айтып жатышат. Азыр курулуш тармагына жан кирди. Бул дайыма өнүгө бере турган система болуп калууга тийиш. Болбосо талаш-тартыштар жана түрдүү көйгөйлөр чыга берет. Маселен, Кытайда ээн эле жерге шаар курулат. Бирок, алар муну жөн эле курушпайт. Элдин так санын алуу менен бир кезде ошол шаарга да калк барып жашаарын эске алышат. Биздин өлкөдө да ушундай келечектүү пландар менен иштей турган убакка жакындап калдык.

ЕАЭСке кирүү да чоң түрткү

Кыргызстандын Евразия экономикалык союзуна (ЕАЭС) мүчө болушу менен курулуш тармагына сырттан келчү инвесторлордун агымы күчөөрүн эксперттер айтышууда. Маселен, “Росинбанк” ипотекалык курулуш багытын тейлээри айтылып келет. Кыргызстанда жумушчу күчү арзан, электр энергиянын тарифи төмөн. Мыйзамдарыбыз да башка өлкөлөргө салыштырмалуу бизнес менен ишкерчилик жүргүзгөнгө бир топ ыңгайлуу. Ушунун баары айыл чарба, өнөр жай менен бирге эле курулуш тармагына да Россия,   Казакстандан бир топ инвесторлордун тартылышына өбөлгө болот.

Азыркы учурда ири шаарларыбызда гана эмес, чакан калааларда да курулуш жандана баштаганы байкалууда. Бул өлкө экономикасы өнүгүүнүн ишенимдүү жолуна түштү дегенди билдирет.

Азизбек Чамашев