айыл

Учурда борбордогу көчөлөрдүн аталыштары көбүнчө атактуу адамдардын ысымдарын алып жүрөт. Бирок, кээ бир ысымдар учурунда белгилүү болуп, кийин көчөнүн аты гана калып, алардын ким экендигинен кийинки муундун кабары жок. Ушундан улам борбор калаабыздагы көчөлөргө аттары берилген инсандар тууралуу маалымат берип турмакчыбыз.

Фучик атындагы көчө

Узундугу 3 чакырым 860 метрди түзгөн Юлиус Фучик атындагы көчө Бишкектин батышынан орун алган. Анын түштүк башы Москва көчөсүнөн бир аз өтүп барып токтоп, аягы Чоң Чүй каналына чейин созулат. Чүй, М.Рыскулов, Жибек Жолу, Профсоюз, Кронштад көчөлөрү менен кесилишет. Ал эми Чоң Чүй каналынан тартып Манас аэропортуна чейин Дорожная көчөсү болуп өзгөрүлүп кетет. Бул көчөдө Ю.Фучик атындагы эс алуу багы орун алган. Союз учурунда 1957-жылга чейин Фучик көчөсү Мясокомбинатская деген аталышта болгон. Кызыгы, аталган көчөнүн жашоочулары кимдин атынан коюлган көчөдө жашап жаткандыгын биле беришпейт. Ушул көчөдө 30 жылдан бери жашап, турукташып калган Жылдыз Кыдыргычева айымдын айтуусуна караганда, кыргыздын аты эмес болгондуктан буга кызыккан деле эч ким жок. “Көптөн бери жашаган жашоочулар билиши мүмкүн. Бирок, кийинки жаштардын мындан кабары жок”, – дейт Жылдыз айым.

Юлиус Фучик ким болгон?

Ю.Фучик – чех элинин комунисттер кыймылынын ишмери, журналист, жазуучу, адабий жана театр сынчысы, Чехословакиянын улуттук баатыры. Ал экинчи дүйнөлүк согушта антифашисттик кыймылга мүчө болуп кирип, Чехословакия немистер тарабынан басып алынган мезгилдерде өзүнө башка ат коюу менен көптөгөн патриоттук макала жана эсселерди жазган. Ушул себептен улам Ю.Фучик гестапо тарабынан тузакка түшүрүлгөн. СССР өлкөлөрүнүн Москва, Ташкент, Казань, Ереван, Санкт-Петербург, Тула, Фрунзе жана башка шаарларында Фучик атындагы көчө болгон.

Логвиненко көчөсү

Яков Логвиненко атындагы көчөнүн узундугу 4 чакырымды түзөт. Мурдагы Больничная көчөсү 1934-жылдан тартып, Логвиненко деп аталган. Бишкек шаарынын борборунан орун алып, түштүк башы Кулатов көчөсүнөн башталып, түндүгү Фиолетовая көчөсүнө барып такалат. Ал Баялинов, Мичурин, Жибек Жолу, Фрунзе, Киев, Токтогул, Москва, Бөкөнбаев, Толстой сыяктуу чоң көчөлөрдү жана темир жолду кесип өтөт. Азыркы учурга чейин борборубуздун Логвиненко көчөсүндөгү №41 үйүндө, “Бул үйдө 1919-жылы Я.Н.Логвиненконун Пишпектик 1-полкунун штабы жайгаштырылган” деген жазуу илинип турат.

Логвиненко ким болгон?

Логвиненко 1896-жылы 23-октябрда Украинанын Полтава провинциясында туулган. Ал үй-бүлөсү менен бирге 1912-жылы Пишпекке (Бишкек) көчүп келген. Октябрь төңкөрүшү аяктаганда Пишпектеги полкту жетектеген. Кийин Ташкенттеги Айыл чарба университетин аяктап билим алгандан кийин Кыргызстанга келип, агроном болуп иштеген.

Айнура ШАЙКЕЕВА