Гуманитардык жардам Ысык-Көл облусунун Тоң районуна жеткирилди
2014-жылдын 14-ноябрындагы болуп өткөн жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган турак жайларды жана социалдык объекттерди жарандык коргонуу комиссиясы текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.
Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 2833 арыз түшкөн, 2833 турак үй жана 47 социалдык объект текшерүүдөн өтүп, анын ичинен 951 турак үй жана 15 социалдык объект I даражада, 1362 турак үй жана 18 социалдык объект II даражада, 284 турак үй жана 13 социалдык объект III даражада, 163 турак үй жана 1 социалдык объект IV даражада жабыр тарткан. Кошумча маалымат берилет.
Ош шаардык мэриясынан жана Ош, Баткен, Чүй, Нарын, Жалал-Абад жана Талас облустук администрациялары тарабынан жөнөтүлгөн гуманитардык жардам (тамак-аш азыктары, курулуш материалдары жана көмүр), 21 оор жүк ташуучу унаалардын (7 оор жүк ташуучу унаа КР ӨКМнин унаалары) жардамында, 2014-жылдын 26-ноябрында Ысык-Көл облусунун Тоң районуна жеткирилди.

Leave a Reply