газпр

“Республиканын түндүгүн газ менен камсыз кылуу маселесинде көйгөй болбойт” – деп билдирди ОсОО “Газпром-Кыргызстан”. Бул багытта “Газпром” компаниясы жаратылыш газы үзгүлтүксүз бериле турганына кепилдик берүүдө. Ал эми өлкөбүздүн түштүк регионуна газ жеткирүү үчүн Кыргыз Өкмөтү жана “Газпром” өзбек тарабы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Мындан сырткары, учурда түштүктүн газ чыкчу жерлери изилденип жатат. Жакында эле Баткен облусунун аймагынан газдын жаңы булагы табылды. Муну жакшы бургулап иштетүүнүн натыйжасында, түштүк регионун 10 жыл бою газ менен камсыз кылууга болот дешет адистер.

Азизбек Чамашев