ата журт

Оо Алыкул, ыр арнапсың туптунук,

Ошол ырдын катарына умтулуп.

Канча акындар канат күүлөп келебиз,

Караандатпайт өзүң жазган “Ата-Журт”.

Угуп көрчү, улап жаздым өзүңдү,

Кандай экен кызың жазган Ата-Журт.

 

Эрлер көөнү эл көйүнө бурулуп,

Эмгек кайнап, бакыт үйү курулуп.

Калк үмүтүн, калк тилегин аркалап,

Канат жайып сабалап уч Ата-Журт.

Опсуз заман кирип келди жутунуп,

Ойлогону байлык, бийлик кутуруп.

Ыйманыңды кошо жалмап койбосун,

Сактай көргүн улуу наркың Ата-Журт.

 

Жатат сага түркүн элдер кол сунуп,

Суктанышып туш тараптан умтулуп.

Сугалактын сугу өтүп кетпесин,

Сак бологөр, кагылайын Ата-Журт.

 

Алтыныңа, байлыгыңа карк тунуп,

Андан кийин ат тизгинин шарт буруп.

Тилегиңди ташка чаап кетпесин,

Абайлачы, айланайын Ата-Журт.

 

Кызыл чоктой кыргыз тилин унутуп,

Кете көрбө башка тилге жутулуп.

Ажыдаардай ааламдашуу келатат,

Абайлачы, айланайын Ата-Журт.

 

Чынын айтпай, досуңмун деп кубулуп,

Чырпыгыңды жулуп алып жүз буруп.

Чырагыңды үйлөп кетип жүрбөсүн,

Чыйрак болчу, айланайын Ата-Журт.

Кызыңды күң, уулуңду кул кылып,

Саткандардан ала көрчү сууруп.

Карын үчүн карайлаган калкыңа,

Караан болчу, кагылайын Ата-Журт.

 

Түпкө жетип бийликтеги уурулук,

Эл турмушу жакырланып куурулуп.

Тилемчидей тентип кеткен элиңе,

Тирек болчу, айланайын Ата-Журт.

 

Оту жанбайт, элдин отун өчүргөн,

Жолу ачылбайт, эл насибин буугандын.

Кудай колдоп, очогуңар өчпөсүн,

Кайраттуу бол, кагылайын Ата-Журт.

 

Чек арадан улам жылып умтулуп,

Аңдып турат ач бөрүдөй жутунуп.

Асыл жердин бир кадамын алдырбай,

Айбаттуу бол, айланайын Ата-Журт.

 

Ала-Тоолук кыргыз элге конгон кут,

Бакай-Ата, Манас Ата бир туруп.

Ак жол каалап бата берип турушат,

Ат батасы кабыл болсун Ата-Журт.

 

Өз өлкөңдө, өз бутуңа бек туруп,

Өсүп өнгүн гүлдөй жайнап кулпуруп.

Кыргыз деген касиеттүү калкыңа,

Куттуу болгун, кут даарыган Ата-Журт.

Элиң менен эңсегенге жете бер,

Эгемен күн куттуу болсун Ата-Журт!