Футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курамасы «Шериктештик-2015 Кубогуна» даярдана баштады (фото)
Футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курамасы «Шериктештик-2015 Кубогуна» даярдана баштады.
Таймаштар 15-26-январда Санкт-Петербург (Россия) шаарында U-21 жаштар курама командаларынын катышуусу менен өтөт.
Машыктыруучу Мирлан Эшенов, машыгуунун биринчи этабына 34 футболчуну чакырган. Алардын ичинен 15 оюнчу 1995-1997-жылдары туулган. Биринчи этап 3-5-декабрда Бишкекте КР футбол Федерациясынын Футболдук борборунда өтөт.
«Биз Шериктештик Кубогуна даярдануудабыз. Бирок азыр 2017-жылдагы Азия чемпионаты тууралуу ойлонуп жатабыз. Биринчи тандоого өзүн көрсөтүүгө мүмкүндүк бериле турган жаш оюнчулар чакырылган»,- деп белгиледи Эшенов.
Машыгуулардын биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча команданын акыркы курамына кире турган 20 футболчу тандалып алынат.
Булак : Баракелде
Leave a Reply