спорт футбол

13-декабрда футбол боюнча Кыргызстан курамасы Кытайга каршы алгачкы жолдоштук беттешинде  утулуп калды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.

Гуанчжоу шаарынан анча алыс эмес Шенчжоу шаарында орун алган беттеш 4:0 эсебинде үй ээлеринин жеӊиши менен аяктады.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстан курама командасы 17-декабрда Кытайга каршы дагы бир жолдоштук беттеш өткөрөт. Андан соӊ курама команда Кыргызстанга кайтып келет.