Эстетикалык байлык тартуулаган оркестр
Кыргыз музыка искусствосунун өнүгүп-өсүп келе жатышына Карамолдо Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестринин салымы зор. Коллектив уюшулгандан бери эле элдик музыкалык чыгармачылыктын салттуулугуна таянып келгендиги менен айырмаланат. Анын курамы, чыгармалардын иштелип чыгышы, чертүү ыкмалары, элдик ырларды, күүлөрдү аткаруунун мүнөздөрү улуттук музыкалык стилди аныктап турат. Ал эми элдик негиздеги өзгөчөлүгүн, аткаруучулук, улуттук стилин аныктоо менен оркестрдин коллективи нагыз чыгармачылыкта орус жана Батыш европалык музыкасынын классикасынын эң сонун үлгүлөрүн өздөштүргөн. Кыргыз фольклорун, салттуу музыкаларын ийине жеткире аткарган Карамолдо Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестри Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдында иш алып барат.
Кыргызстан облустук партия комитетинин бюросу 1936-жылы 17-январда Кыргыз драма театрынын алдындагы эл аспаптар оркестрин уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алган. Ага чейин Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар советинин алдындагы искусство иштери боюнча башкармасынын 1936-жылдын 7-октябрында “Кыргыз мамлекеттик театрынын андан аркы өнүгүшү жөнүндө” токтому кабыл алынып, ушул эле жылдын 29-октябрындагы №18 буйругунун негизинде театрдын курамынан эл аспаптар оркестри жана хор коллективдери бөлүнүп чыгып, Кыргыз мамлекеттик филармониясы уюштурулат. Ошол кезде эле оркестрдин өзөгүн комуз, кыл кыяктын жаңы түрлөрү, симфониялык оркестрдин аспаптары, флейта, гобой, фагот, урма аспаптар түзгөн. Ал эми оркестрди жетектөө милдети П.Шубинге тапшырылат. Жаңыдан түзүлгөн оркестрдин курамы кеңейип отуруп, жалпысынан 40 адамга жетет.
Жаш коллектив уюшулганынан аз убакыт өтпөй, хор, күүлөрдү пластинкага жаздыруу үчүн Москвага барат. Муратаалынын, Карамолдонун, Атайдын, Мусанын, Абдыластын, Ашыраалынын, Анвардын аткаруусундагы 23 чыгарма граммофонго, 14-тонфильмге жаздырылат. Андан сырткары, Москвадагы П.Чайковский атындагы консерваториянын Чоң залында концерт берип, СССРдин Эл Комиссарлар Советинин алдындагы жалпы союздук искусство башкармасы тарабынан түзүлгөн комиссиянын жогорку баасына татыйт. Ошондон кийин жаш оркестр Москвада өткөрүлгөн Жалпы Союздук биринчи хор олимпиадасына катышып, жердештерибиз даярдап барган чыгармалар менен ачылып, чыгармачыл ат салышта биринчиликти алуу менен элдик профессионалдык музыкабыз союздун алкагында алгачкы ийгиликтерге жетишкен.
40-жылдардын ортосунан тартып оор жоготууларга учурап, кыска убакыттын ичинде көптөгөн дирижерлор алмашып, чыгармачылыгы аксай түшкөн оркестрге 1951-жылы Республиканын маданият министрлиги тарабынан Борис Вениаминович Феферман башкы дирижер жана көркөм жетекчи болуп дайындалган. Анын артынан улуу композиторлор катары жамы журтка таанымал Калый Молдобасанов менен Насыр Давлесовдун келиши менен музыкалык маданиятыбыздын өсүшү дагы да жандана баштайт.
1961-жылы 25-февралда Кыргыз ССРинин Министрлер Совети улуу комузчу, Кыргыз ССРинин Эл артисти Карамолдо Орозовдун ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн эл аспаптар оркестрине Карамолдо Орозовдун ысымын берүү боюнча токтомун чыгарган.
1962-жылы Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин көркөм жетекчиси жана башкы дирижерлугуна Асанкан Жумакматов дайындалган. Келген күндөн тарта ал оркестранттардын аткаруучулук чеберчиликтерин көтөрүү аракетине өтүп, оркестрдин эң негизин түзгөн өркүндөтүлгөн жаңы комуз, кыл кыяк өңдүү аспаптардын ордуна кадимки эл ичиндегилерди кошо баштайт. Адегенде Карамолдонун классикалык “Ибарат”, “Сынган бугу”, Атайдын “Ой булбулун” оркестрге түшүргөн.
Ал эми оркестрге бүтүндөй өмүрлөрүн арнашкан аткаруучулар: Б.Рысмендеев, Ж.Сарыкөбөнова, А.Ф.Хоменко, А.Мырзабекова, Б.Жандаров, Ж.Кыпчаков, М. Рахимшайыков, Ш.Арабаев, Б.Кулболдиев, С.Айтмамбетовдордун ысымдарын атай кетишибиз абзел.
1979-жылы Кыргыз Өкмөтү коллективдин улуттук өнөрүнүн өнүгүшүнө жана эмгекчилерди тарбиялоодо кошкон салымын, көркөм аткаруучулук чеберчилигин, чыгармачылык ишмердигин жогору баалап, оркестрге “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген коллективи” деген наам ыйгарган. Ушул жылдары оркестр чыгармачылык изденүүнүн, жаңылануунун сапарына чыга баштаган кез. Чыгармачылык репертуарын байытуу менен бирге дүйнөнүн, КМШ өлкөлөрүнүн булуң-бурчун кыдырып гастролдошкон.
Ал эми 80-жылдары оркестрдин жамааты көрүнүктүү ырчылар Д.Жалгасынова баштаган таланттуу, келечеги кең А.Ибраев, М.Дүйшөкеева, Т.Исабекова, Б.Байкелова өңдүү ырчылар менен толукталат.
1987-жылдын август айында СССРдин Маданият министрлигинин чечими менен Улуттук филармониянын алдындагы Карамолдо Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестри аталып келет.
Башкы дирижер жана көркөм жетекчи С.Акматалиев азыркы тапта оркестрдин репертуарын жаңы чыгармалар менен байытуу аракетинде. Учурда оркестрдин репертуары кыргыздын элдик музыкасынан тартып, кыргыз композиторлорунун, орус жана батыш классиктеринин атайын оркестр үчүн жазылган чыгармалар топтомунан турат.
Динар ТУРДУГУЛОВА


Leave a Reply