Эсеби тактын – төлөмү аз
Ысык сууга болгон тарифтин өсүшү өзгөчө кары-картаң пенсионерлерге оорчулук келтирүүдө. Ушундан улам алардын арасында ысык сууга эсептегич койдурам дегендер көбөйүп барат.
-“Бишкек жылуулук тармагы” ААКнын Башкы директорунун орун басары Уран Раимбековдун айтымында, ишкана 76 миң абонентти тейлейт, ысык сууга эсептегич койдургандардын саны – 48%ды түзөт. Биздеги каражаттын чектелгендигине байланыштуу керектөөчүлөргө эсептөөчү приборлорду коюп берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Бирок, аларды сатып алуу боюнча программабыз бар. Ал төмөндөгүдөй ишке ашырылат.
Керектөөчүлөр эсептөөчү приборду өздөрү сатып алышып, адистин жардамы менен койдурушат. Эскерте кетүүчү жагдай, алынган товардын сөзсүз сертификаты болушу керек. А мындай сапаттуу, мыйзамдуу иштеген ишканалар борбор калаабызда төртөө, биздин алар менен түзгөн өз ара келишимибиз бар. Биринчи кезекте биз жашоочулардын өтүнүчү боюнча техникалык жолдомо беребиз. Эгерде биздин шарттардын бардыгы эске алынса, биз приборду өзүбүздүн балансыбызга алабыз. Ал эми ысык сууга болгон төлөмдөр үй ээлеринин эсептегичти сатып алууга кетирген чыгымы толук актамайын абоненттерден алынбайт. Өткөн жылы ысык суу үчүн 3605 үйлөрдү жылытууга коюлуучу 3 эсептөөчү прибор сатылып алынды. Мындай ыкма ишканага, үй-бүлөлүк бюджетке да алда канча пайдалуу – дейт Уран Раимбеков.
Бактыбек ИМАМАДИЕВ


Leave a Reply