Тарых илими кумар оюнуна окшош: анда да бардыгы учурдан көз каранды. Сиздин илгерки эскерүүңүз же альбомдогу эски сүрөт дүйнө жүзүнө сенсация жаратпайт деп ким кепилдик бере алат. Мисалы, дүйнө жакында эле эң белгилүү кыргыз аялдарынын бири – Алайдын легендарлуу «канышасы» туурасында билди. Азыр анын өмүр таржымалы бир гана Орто Азиянын тарыхына эмес, Финляндияныкына  да жуурулушту…

Курманжан датка алыскы өлкөнүн жарандарын эмнеси менен кызыктырды экен? Бул тарыхка башка белгилүү кыргызстандык, аман-эсен эле жүргөн замандашыбыздын салымы тийди окшойт. Кеп, акаевдин убагынан бери белгилүү болуп калган саясатчы, кыргыз адабиятынын классигинин уулу Кулубек Бөкөмбаев туурасында болуп жатат. Бир ирет, КР экология министринин кызматында турган кезде, ал Хельсинкиге расмий иш сапары менен барган. Кийин, Кулубек Жоомартович бул саптардын автору менен өзү бөлүшкөндөй, иш сапардын максаты Кыргызстан үчүн экологиялык долбоор боюнча тендер жүргүзүү болгон. 

Финдер, кыргыз делегациясына жергиликтүү  элдин атактуу жерлерин көргөзүп жүрүп, өздөрүнүн белгилүү мекендеши, маршал Карл Густав фон Маннергеймдин мемориалдык музейине алып баруу мүмкүнчүлүгүн да колдон чыгарышкан эмес. 

Бул швед тегинен чыккан финляндиялык, 1944-1946-жылдарда Финляндиянын президенти болгон, 1939-жылы эле совет-фин согушунун жүрүшүндө  улуттук баатыр наамын алган.  Анда кайраттуу Кызыл Аскер анча чоң эмес, согуштук даярдыгы жагынан анча күчтүү эмес атаандашын жеңе албай калган. Тарыхка «Маннергейм чийини» деген аталыш менен кирген коргонуунун гениалдуу планы жолтоо болгон. Ал эми Октябрь революциясына чейин барон Маннергейм- башка финдер сыяктуу эле Орусия империясынын жараны болгон. Анын дворяндык тегинде биздики жана чет элдики деген бөлүү жок болгондуктан, Карл Густав ар бир орус дворянынын кыялына дал келбей турган мыкты жетишкендиктердин баарына жетише алган – жогорку аскердик билим жана кансарайда кызмат кылуу мүмкүндүгү. Николай II ни такка отургузуу салтанатынын күбөсү болгон, 1-дүйнөлүк согушта Орус-Жапон согушунун катышуучусу болгон. Ал эми 1919-жылы, ошол кезде Орусиянын юрисдикциясынан чыккан өз өлкөсүнүн королунун регенти болгон.

Фин чиновниктери кыргызстандык Кулубек Бөкөмбаевди так ушул  Маннергейм музейине алып баруусуна эмне түрткү болду? Көрсө, барон бир жолу Кыргызстандын аймагында да болгон экен. Бул 1906-1908-жылдарда, орусия армиясынын Генштабынын демилгеси менен кабыл алынган азия контингенти боюнча аскердик-илимий экспедициясынын жүрүшүндө келиптир. Түндүк Кытайга жана Японияга бараткан жолунда катышуучулар Алай өрөөнүнө токтошкон. Эки жылдын ичинде, ат үстүндө жүрүп Карл Густав Самарканддан Пекинге чейин, жалпы узактыгы 14 миң  чакырымды басып өткөн. Сапарынын аягында чабандести кезектеги генералдык наам күтүп турган. Албетте, мындай титулдарды спорттук жетишкендиктери үчүн ыйгарган эмес:   Н.М. Пржевальский,  андан мурдараак Чокан Валиханов сыяктуу эле, биздин каарманыбыз да баарынан мурда аскердик  чалгынчы болгон.  Музейдеги сүрөттөрдү кыргыз делегациясына көргөзүп жатышып, бул туурасында да финдер эскерип өтүштү. Ошондо Кулубек Жоомартовичтин эсине бир нерсе кылт этти…

Балалык эскерүүлөрдүн «архиви»

Күтүүсүз кылт эткен эскерүү көп кызык нерселерди берет. Өзгөчө, эгер туугандарың өлкөдөгү белгилүү адамдардан болсо. Мынакей, К.Бөкөмбаевдин туугандарынын арасында Алай канышасынын небереси, дүйнө салып кеткен   Жолборс Мирзапаязов да бар. Жоомарт  Бөкөмбаевдин уулу  кичине кезинде,  Жолборс Мааткабылович ага бир жолу кызыктуу окуяны айтып берген: Бир жолу улуу даткага бир генерал конокко келген, анын улуту же фин беле, же швед беле… Өзүнүн күтүүсүз божомолун Кулубек Жоомартович финдерге айтып бергенде, алар кайдыгер гана ийиндерин куушуруп тим болушкан, көрсө бир да архивде Маннергейм Курманжан менен жолуккандыгы туурасында жазылган эмес экен. Анан, баарынан кызыктуусу, расмий тарыхый документтерде, бир гана эки легендарлуу адамдын жолугуусу туурасында фактылар гана эмес, барондун Кыргызстандын аймагында болгондугу да эскерилген эмес.

– Бул таң калычтуу эмес – деп болжолдойт К. Бөкөмбаев – анткени, Карл Густав жана анын адамдары келген  экспедиция, аскердик мүнөзгө ээ болгон, ошондуктан саякаты «жашыруун» деген белгинин алдында болчу. Албетте, бул учурда эч кандай архивдик малыматтар туурасында айтуунун да зарылдыгы жок. Айтор, качандыр унутта калып келаткан балалык эскерүүм эс тутумумдун бир бурчунда сакталып калган экен. Ошентип,  чыга келди… Ошондо, бизди ээрчитип жүргөн гид кызыктай боло түштү. Бирок, кеч кирип, музей жабылып жаткан. Анын кызматкерлери музейдин жабылышына шылтоологондон башка эч нерсе кыла алышкан жок. Анан, тактап туруп, менин божомолумду тактоого же жокко чыгарууга убада беришти.  

Ага Алайдан кармалып келген бир нече мергенчилик олжолорду – аркардын  бир нече мүйүзүн көргөзүштү. Анын үстүнө, Карл мыкты сүрөтчү да болгон. Ошондуктан, анын Кыргызстандын тоолорунда тартып алган көптөгөн сүрөттөрү сакталып калган. Мыкты сапаттагы бул сүрөттөр укмуштай кооз тоолордун этегиндеги боз үйлөрдү,  алай жана кашкар кыргыздарынын тиричилигинин бир катар учурларын чагылдырып турган. 

– Сүрөт кагаздарынын арасында да Курманжан датканын сүрөтү болбой коюшу мүмкүн эмес. Анткени, Алай – анын тууру болчу. Анан, Маннергейм, Алай канышасынын жергесине барып жатып, ага жолукпай кетиши мүмкүн эмес – деп кошумчалады Кулубек Жоомартович, – калганын элестеткиле. Музейдин кызматкерлерин акыры көндүрдүм. Жумушчу күндүн бүтүп баратканына карабай, алар мени Карл тарабынан тартылып, бирок негизги экспедицияга кирбей калган  слайддар сакталган жерге алып барышты. Ошондо  мезгил токтоп калгандай сезилди…  Болушунча сылык болгондой түр көргөзүп,  чексиз сүрөттөрдү карап жаттым…. Аңгыча эле… Мына, керемет! Маннергеймдин жанында, боз үйдө отурган датканын сүрөтү…  Аңгыча эле  укмуштуу кадрды камтыган башка слайд, анда Курманжан датка ат үстүндө экен. Элестеткиле, ошол учурда датка 96 жашта эле…

Бул табылга музей кызматкерлерин бир топ дүрбөлөң салды. Алар уялышып, кыргызстандыктарга өз архивдерин дагы жакшылап изилдеп чыгууга, барондун датка менен жолугушун тастыктаган документтерди табууга аракет кылууга убада беришти.

Маннергеймди эмне таң калтырган

 Таң калычтуусу, мындай документтерди финдер таба алышты. К.Бөкөмбаев Хельсинкиге  барып келгенден кийин, бир жыл өткөн соң ага почтадан бир конверт келди. Анда, музейде табылган сүрөттөрдөн башка, К. Маннергеймдин күндөлүктөгү жазууларынын көчүрмөсү бар экен – анда автор өзүнүн Алайга барганын, Курманжан менен жолугушкандыгын, анын уулу Асанбектин штабында болгондугун кеңири сүрөттөп жазган экен.  Барон датка туурасында суктануу менен жазган, «ал небересинин жардамы менен атка оңой эле минди, анын ээрде отурганынан улам, атчан жүрүү – аны үчүн көнүмүш иш экендиги көрүнүп турду». Атта жүрүүнүн устаты болгон орус офицеринин оозунан ушундай мактоо угуу- кандай жагымдуу экенине макул болоорсуз.

Айтор, 96 жаштагы датка Орусиялык мейманды жалгыз гана атта жүрүү чеберчилиги менен таң калтырбаса керек. Байыркы белгилүү уруунун мураскору, маркум Алымбек датканын жесири, Курманжан датка качандыр бир кезде кокон хандыгына жакын болгондугун эскерүү эле жетиштүү болот. Кокондун чыгыш деспоттугу тууралуу, калкка сиңип калган пикирге карабай, анын башкаруучулары европа маданиятына абдан кызыгышкан. Курманжан даткага кокондун ак сөөктөрү да чоочун эмес болгон. Мисалга, Алай канышасы, кыргыз тилинен башка, араб жана фарс тилдерин билгендиги, жана француз тилин жакшы сүйлөгөндүгү белгилүү.

Келгиле, ошондогу датканын болочок маршал Маннергейм менен болгон жолугушуусунун кандай өткөнүн элестетип көрөбүз. Ал өзүнүн котормочусунан, анын саламдашуусун сөзмө сөз которуп бер деп талап кылса керек. Ошондо,  аскердик  котормочу чала-була кыргыз тилинде тантырай баштаганда, мейман датканын оозунан француз тилин укту болушу керек:  96-жаштагы кыргыз Мольер менен Лафонтендин тилинде да сүйлөгөн. Ошол кезде Курманжанга дворяндык титулу расмий ыйгарылган. Ал эми орус дворяндары ал кезде француз тилин сүйлөөгө милдеттүү болушкан.  Карлды бул кандай гана таң калтыргандыгын элестетүү кыйын эмес – ансыз да өзүнүн маектешинин чабандестик чебердигине суктанып турган…  

Албетте, мындай окуя биздин элестетүүлөрүбүз гана. Бирок, Алайдын канышасы фарс тилинде ыр жазып жүргөн фактысы байыртан эле такталган. Анын үстүнө, ошол кезде пайда болгон кино тартуу, сүрөт тартуу жана башка техникалык жаңылыктарга кызыгуу туудурган. Өзүнүн исламдык тарбиясына жана өз элине болгон сүйүүсүнө карабай,европа маданиятына да ачык болгон. Мына ушул, тилекке каршы, азыркы биздин саясатчыларыбызда жетишсиз.  Алар, өздөрүнүн  «Кыргызстанды дүйнөлүк коомчулукка интеграциялоону» айткан, популисттик сөздөргө карабай, патриархалдык өткөндү да кайтарууга чакыруу учурларын колдон чыгарышпайт – жана бул учурда Курманжан датканын атын көп айтышат. Кызык, мындай чакырыктарга Алай канышасы кандай жооп бермек…

Андрей ТОКОМБАЕВ.        

Булак: Жаңы жүздөр