Электр кубатын бөлүштүрүүчү компаниялар өчүргөн 3 фазалуу абоненттер ошол эле компаниялардын эсебинен кошулат
Бөлүштүрүү компаниялары тарабынан өчүрүлөгөн 3 фазалуу абоненттер ошол эле энергокомпаниялардын эсебинен кайрадан кошулат. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин директору Нурбек Элебаев бүгүн, 11-декабрда билдирди, деп маалымдайт Tazabek.
Анын айтымында, өчүрүлгөн 3 фазалуу абоненттердин саны 2 миңге жетет.
Үч фазалуу абоненттерди кайра кошуу маселеси Казакстандан Кыргызстанга электр энергиясын импорттоо жөнүндө макулдашууга кол коюулушу менен чечилди, деп кошумчалады Н.Элебаев.
Мурдараак «Түндүк электр» ААК үч фазалуу абоненттердин 62%, же 8,4 миңден ашуун үч фазалуу абонентти өчүргөндүгү маалымдалган.
Булак : Баракелде


Leave a Reply