парламент1

Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңеш жыйынында«Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Суроо-жооп жүрүмүндө депутат Эркингүл Иманкожоева бир катар эл өкүлдөрү Жазык аткаруу кызматынын Жазык түзөтүү мекемелерин, соттолгон жана камакка алынган адамдарды коштоп күзөтүү департаментинин абалы менен таанышып келгендигин эске салып, анда Автопаркты жаңыртып, соттолгон адамдарды ташуу үчүн эки атайлаштырылган автоунаа алуу зарылдыгы боюнча Өкмөткө, Каржы министрлигине кат менен кайрылгандыгын айтып, маселе кайсы деңгээлде чечилип жатканына кызыкты.

Келерки жылдагы республикалык бюджеттин долбоору боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берип жаткан КР Каржы министри Ольга Лаврова эл өкүлдөрүнүн катын алгандыгын, маселе иликтенип, бул мекемеге зарыл болгон автоунаа менен камсыздоо маселеси чечилгендигин, ага талап кылынып жаткан 5,5 млн сом каражат каралгандыгын маалымдады.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары Асия Сасыкбаева, Элмира Жумалиева, Эркингүл Иманкожоева, Майрамкүл Тиленчиева үстүбүздөгү жылдын  31-октябрында Жазык аткаруу кызматынын Жазык түзөтүү мекемелерин, соттолгон жана камакка алынган адамдарды коштоп күзөтүү департаментинде болуп, андагы аскер кызматкерлеринин турмуш-тиричилик шарттары менен таанышып келгенден кийин КР Өкмөтүнө тиешелүү тапшырмалар берилген.