Футбол боюнча Кыргызстандын экс-капитаны Р.Сыдыковду карьерасы бүткөндүгүнө байланыштуу чоӊ футболдон узатышты

11 жашымдан бери футболдомун. Футболго кызыгып, футболду сүйүп калуума Мальдини, Платини сыяктуу кумирлерим түрткү болду, деди футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын жана «Дордой» футболдук клубунун экс-капитаны Руслан Сыдыков.

Кечээ, 26-октябрда ТОП-ЛИГА командалары арасындагы футбол боюнча Кыргызстандын 23-чемпионатынын экинчи этабынын алкагында «Дордой» жана «Алга» командалары жолугушуп, ага катар футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын жана «Дордой» футболдук клубунун көп жылдык оюнчусу жана капитаны Р.Сыдыковду чоӊ футболдогу карьерасы бүткөндүгүнө байланыштуу 20141026_152050 узатуу салтанаты болду.

Азыркы учурда машыктыруучулук ишти аркалап жаткан экс-футболчу, кыргыз футболуна салым кошуу ниетин билдирди.

«Ал эми чоӊ футболдон кетип жатканымдын себеби жаш курагым жетип калганы. Бирок кубанычтуу нерсеси бар, машыктыруучулук ишти аркалайм, тажрыйбамды жаштарга өткөрүп берсем дейм. Кудай буюрса, кыргыз футболуна салымымды кошсом», – деди Кыргызстандын 8 жолку чемпиону.

«Дордойдун» «Ала-Тоо-Нарын» деген экинчи командасы бар, анда жаштар өспүрүмдөр ойношот жана Жогорку лигада чыгып жүрүшөт, ошолорго машыктыруучу болом», – деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, Р.Сыдыков Индияда ойноп келген. «Казакстан, Өзбекстанга чакырышкан, барган жокмун, анткени Кыргызстан үчүн иштеп берейин дедим», – деп белгиледи.

Кыргызстанда жаӊы, жаш балдар өсүп келе жатканын айткан Сыдыков Кыргызстанда футбол өнүгүп, Кубокторго ээ болот деп ишенерин кошумчалады.

«АФК президентинин кубогун утуп алганыбыз чоӊ жетишкендик деп ойлойм, анткени кыргыз футболуна кичине болсо да салым коштук. Бирок ошол эле маалда өкүттүү жагдай деп, көп жылдан бери АФКнын Кубогунун финалында тайпалык этаптан чыга албай келе жатабыз. Бир жолу мундиалга барып келсек дейм», – деди Сыдыков футболдогу өкүнгөнүӊүз эмне деген суроого жооп берип жатып.

1

2

3

4

5 6

Булак:Баракелде