Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Орозбек Молдалиев Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын жашоочулары Сирияга кетип жаткан райондордо ишти күчөтүүгө чакырды.

Дин жөнүндө маселе бүгүн, 13-ноябрда Бишкек шаарындагы конфессия аралык форумда талкуланууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө О.Молдалиев ошондой эле, дин боюнча бир катар маселелер менен бирге Кыргызстандын жарандарынын Сирияга жихад үчүн кетип жатышы тууралуу маселени да талкулоо керектигин белгиледи.

Муфтият кайсы аймактардын тургундары кетип жаткандыгын иликтеп, билиши керек, деген О.Молдалиев: «Демек, ал райондордо исламисттердин позициясы күчтүү болгон», – деп кошумчалады.