Депутат жерге олуттуу мамиле жасоого чакырды
Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңеш жыйынында “Ар түрдүү маселелер” саатында Жогорку Кеңештин депутаты Мамытбай Салымбеков тарабынан көтөрүлдү. Депутаттын айтымында баардык жерлер айыл өкмөттөрүнө берилгени менен алар жерлерди тиешелүү деңгээлде иштетпей, же жер кысыр калып, же кимдер бирөөлөргө берилип, өз максатына колдонулбай, иштен чыгууда. Буга кошумча сугат суусу үчүн коюлган суу түтүктөрү, жер алдындагы дренаждык түтүктөр казылып алынып, арзыбаган акчага сатылууда. Мындай маалыматты берген депутат жерге олуттуу мамиле жасоого чакырды.
Мээрим Бактыбекова


Leave a Reply