ыргал1

Мындай сунушу менен Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Балдар жана аялдардын укугун коргоо жаатында иш алпарып жүргөн депутат Ы.Кадыралиева кечээ жакында эле зордук- зомбулукка кабылып, эсине келе албай жаткан 2 жашар баланы мисалга тартып, мындай учурлар барган сайын арбып бара жатканынан коңгуроо какты. Ошону менен катар депутат кесиптештери Турсунбай Бакир уулу менен Ширин Айтматованын балдарды коргоо боюнча демилгелери, тилекке каршы, колдоого алынбай калгандыгын кошумчалады. “Андыктан, мындай үрөйдү учурган фактыларга олуттуу мамиле жасап, Өкмөттүк күн өткөрүп, тиешелүү чараларды көрүү зарыл”,- дейт Ы.Кадыралиева.