Нуркулов1

Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Уланбек Нуркулов 2014-жылды Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөржай министрлиги 4.5 миллиард сом чыгым менен аяктагандыгына токтолду.

Ал эми азыркы тапта электр кубатына болгон баа 84 тыйынга бааланып жатканын маалымдап, энергетика системасынын ичиндеги компаниялар өндүрүлгөн энергияны бирине бири сатып отуруп, электр кубатына болгон баа кымбат болуп жатканын баса белгиледи. Ошону менен катар башка ишканалар электр кубаты үчүн 5 сомдон төлөп жатса, Кумтөр кенин иштеткен компанияга 1,80 тыйындан берилип жаткандыгын сынга алды. “Кыргыз энергетика түзүмүн өзгөртүү зарыл”- деп маселе койду депутат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.