11

ЖКнын депутаты Кантемир Мурзабеков интернет булактарына тараган видео тууралуу бүгүн, 22-октябрда SUPER.KG порталына маалымат берди.

Белгилүү болгондой, депутат 20-октябрда жумушка кызматтык унаада бара жатканда Жол коопсуздук кызматынын кызматкерлери токтотушкан. Эл өкүлү өзүнүн Жогорку Кеңештин депутаты экендигин тастыктаган күбөлүктү көрсөтүп, мыйзамга ылайык, МАИ кызматкерлери депутатты кармаганга укугу жоктугун айткан.

Талантбек Исаев башчылыгында турган МАИ кызматкерлери мыйзамсыз токтотууну уюштурушуп, пикир келишпестик жагдайга алып келди. Болгон пикир келишпестикти видеотасмага тартып алышып, интернет булактарына жайылтышты.

Мен жакшы маанайда гана сүйлөшүүгө барууга аракет кылганымды жана эч кандай уят сөздөрдү колдонбогонумду расмий түрдө билдирем. Эгерде кандайдыр бир уят сөздөр мен тараптан колдонулганда, алар видеотасмада сөзсүз көрсөтүшмөк. Анткени алар тараптан видеотасма башынан баштап тартылган. Андан сырткары, “КРнын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутатын кемсинтүү, жалган жалаа менен каралоо жана ага карата кандайдыр бир агрессиялык аракет кылгандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жоопкерчилик каралат”,– дейт депутат.

Мындан сырткары депутат “Буга чейин ЖККнын башчысы Талант Исаев менен ушундай кырдаал жаралгандыктан, мурдагы министр А.Суранчиевге кайрылууга мажбур болгом. Ал ушул сыяктуу пикир келишпестик-араздашууларга жол берип, аларды оперативдик ылдамдыкта интернет барактарына жүктөп, өзүн жарнамалоого ашыгып, “жылдыз” оорусу менен ооруп калган сыяктуу”,– дейт.

21-октябрда Жол-кайгуул кызматы депутаттын сөгүнүп, орой мамиле жасаганы боюнча Жогорку Кеңештин Этика комитетине арызданарын билдирген эле. Эл өкүлү бул маселенин тийиштүү комитетте каралышын күтүп, далилдерди көрсөтөрүн айтты.

Бул окуя МАИ кызматынын башчысы Талант Исаевге байланышкан биринчи чуу эмес. Быйыл 11-августта жол-кайгуул кызматкерлеринин унаа айдап бара жаткан 19 жаштагы кызды токтотушуп, Исаев баш болгон МАИчилер кызды себепсиз, күнөөсү далилденбей туруп кемсинтишкени тартылган видео тараган. Ал рейдге Талант Исаевдин чолок шым, кепка кийип чыкканы коомчулуктун кыжырын келтирген. Видеого Талант Исаевдин кыйкырып, кызды камаганга буйрук берип, “Бейбаштык” деп жазып, алып кеткиле. Бул сенин аялыңбы же карындашыңбы? Азыр ИИБ башчысына чалып, 15 суткага камагыла деп буйрук берем” дегенин көрүүгө болот.

Буга чейин эле ошол учурда ички иштер министри болуп турган Абдулда Суранчиев Талант Исаевди сынга алганы бар. “Исаев Жалал-Абадда караңгылатылган унааларды издеп жүрөт. Андан көрө жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча иштебейби. Мен сиздин да унааңызды караңгылатып бермекмин. Унаалар менен кыздарды куубай, маанилүү иштерди жасабайбы” дегени бар.

Булак: super.kg