Самаков К_ С_1
 Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков «Туризмди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» диплому менен сыйланып, аны менен кошо «Мыкты өнөктөш» номинациясы ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бул сыйлык көптөгөн туристтик ишканалар менен Туризм департаменти уюштурган сурамжылоонун жыйынтыгы менен аныкталып, алдыңкы орунга чыккан депутат К.Самаковго тапшырылды.