Дары-дармектердин улуттук базасын түзүү үчүн жумушчу топ куралат, – министр Т.Батыралиев

Дары-дармектердин улуттук базасын түзүү үчүн жумушчу топ болот. Бул тууралуу КРнын саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев бүгүн, 16-декабрда саламаттыкты сактоо министрлигиндеги коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча укук коргоо жана башка маморгандардын Координациялык отурумунда билдирди.
Анын айтымында, мамлекет дарылар чөйрөсүндө көзөмөлдү жоготуп койду.
«Бул тармакты реформалоодо биз ачык кызматташууга даярбыз, ага жарандык коом, фискалдык органдар, укук коргоо органдары катыша алышат», – деди министр.
Ошондой эле, Координациялык кеңешменин отурумунда Министрликтин дары каражаттары боюнча Антикоррупциялык планы көрсөтүлдү.
Булак : Баракелде

Leave a Reply