46cdd8d5625ed58322fe13cead543407 КР президенти Алмазбек Атамбаевдин «2014-жыл Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында Чүй облусунун Чоң Кемин өрөөнүндө Шабдан баатырдын (Жантай уулу) 175 жылдыгына арналган маараке өтөт.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара мамлекеттүүлүктү жана элидин биримдигин бекемдөөгө багытталат.