АКШнын Чикаго шаарында пицца жеткирүүчү кызматтын айдоочусу болуп иштеген Кыргызстандын жаранына тоноо максатында кол салуу болуп ага карата ок атылган. Алынган жаракаттан кыргызстандык жаран ооруканада каза тапты. Бул тууралуу АКШлык ЖМКлар маалымдашты.

Кылмыш шаардын түндүк-чыгыш тарабындагы О’Хара аэропортунун жанында болгон.

Полиция кызматкерлеринин айтымында Mama Mia Pizza пицца жеткирүү кызматынын ташуучусу өз ишин аткарып жүргөн. «Ал бул аймактагы үйлөрдүн бирине пицца жеткирип келген. Ага эки адам келип андан акча талап кылышкан. Кылмышкерлердин биринде курал болгон. 31 жаштагы пицца жеткирүүчү качууга аракет кылганда аны башына атышкан. Бул кылмыш 00:30да катталган», – деп жазат америкалык abc7chicago басылмасы.

Жабырлануучу ооруканага оор абалда жеткирилип, бирок эсине келбей каза тапты.

Белгилүү болгондой, айдоочу шериги менен болгон. Ал унаада калып күтүп отургандыктан жабыркаган эмес.

Өлтүрүлгөн адам жумушун 2 жума мурун баштаган.

АКШдагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери Чикагого жөнөп кетишти.

18c436bca18d753e30386af84ee9a5d7_500_0_0