Султан Жумагулов КТРКнын башкы директору болуп шайланды
КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү Султан Жумагуловду Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын директору кылып шайлады. Кечээ, 23-ноябрда өткөн шайлоонун жүрүшүндө буга чейин каттоодон өткөн 10 талапкердин ичинен 2 талапкер: Болотбек Табалдиев менен Космос Чыдынов сынакка катышуудан баш тартты.…
Оңдоо иштерине байланыштуу электр энергия үзгүлтүккө учурашы мүмкүн
24- ноябрда Бишкек шаарында жана Чүй областындагы электр тармактарынын профилактикалык иштери боюнча барчалардын тизмеги: - 24 - ноябрда саат 9-00 дөн 17-00 гө чейин Бишкек шаарындагы Панфилова/Жибек Жолу көчөлөрүндө No 641 трансформаторун оңдоо иштерине байланыштуу…
Ө.Текебаев: “Уюшкан кылмыштуу топтордун каржы булактарын бууп, кримтөбөлдөрүнүн аброюн түшүрүү керек”
Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын 21-ноябрдагы жыйынында фракция лидери Өмүрбек Текебаев уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү үчүн алгач лидерлеринин жеке аброюн түшүү керектигин айтты. Депутат ушул жол менен уюшкан кылмыштуу топтордун тамырын чапса болооруна ишенерин…
Эльвира Сариева: “Энелердин өмүрүн сактоодо алардын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылуу зарыл”
Бүгүн, 21-ноябрда КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева Кыргыз Республикасынын калкынын репродуктивдик ден соолугун сактоо жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча тегерек столдун ишине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Тегерек столдун ишин ачууда вице-премьер-министр белгилегендей, эне…
«Атлас крипт» компаниясынын Бишкектеги кеңсесине текшерүү жүргүздү
Мурда козголгон кылмыш иштин алкагында ИИМдин Башкы иликтөө башкармалыгы бүгүн, 21-ноябрда «Ред борбор» («Ред центр») соода борборундагы «Атлас крипт» компаниясынын кеңсесине текшерүү иштерин жүргүздү. Бул маалыматты АКИpress агенттигине ички иштер министри Мелис Турганбаев тастыктады. Анын…
Бир тууган Кадыралиевдерди опузалоого күнөөлөгөн жаран А.Бекташев өзүнүн арызын кайтарып алды
Прокурор Канжар Кадыралиевди жана анын иниси Уланды опузалоого айыптаган, Өзгөн районунун жашоочусу Абдымитал Бекташев, өзүнүн арызын кайтарып алды. Бул тууралуу Бекташев бүгүн, 21-ноябрда АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында маалымдады. «Өз учурунда түшүнбөстүктөр болгон. Бирок биз азыр…
Чет элдик жарандардын Кыргызстанда турак жай сатып алуу укугун чектеген мыйзам долбоору боюнча депутаттар берген добуштардын жыйынтыгы
Жогорку Кеңештин депутаттары кечээ, 20-ноябрдагы отурумунда Турак жай кодексиндеги чет элдик жарандар жана юридикалык жактардын, ошондой эле жарандыгы жок тараптардын Кыргызстанда турак жай имаратын жеке менчикке алуу укугун чектеген түзөтүүлөр жөнүндө мыйзам долбоорун колдогон жок.…
КРнын транспорт жана коммуникациялар министрлигинде конкурстук негизде үч бош кызмат орунга кызматкерлер кабыл алынды
Ушул жылдын 17-ноябрында КРнын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругу менен конкурстук негизде үч бош кызмат орунга кызматкерлер кабыл алынды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Анда, Смаилов Уланбек Асылбекович КРнын транспорт жана коммуникациялар…
Кыргызстандын жайыттарынын аянты 9 млн 147 миң гектарды түзөт
Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы жайыттарынын аянты 9 млн 147 миң гектарды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Бишкектеги маалымат жыйында КРнын айыл чарба министрлигинин Жайыттар департаментинин жетекчиси Абдымалик Эгембердиев маалымдады. Анын айтымында, бул аянттын көлөмү 5-6 жыл…
Депутат А.Султанов жүк ташуучу унаалардын салмак ченемин ашыруу тууралуу: Мындай көйгөйдү өзүбүз түздүк
Бүгүн, 21-ноябрда депутат Акылбек Султанов КСДП фракциясынын отурумунда Ички иштер министрлиги оң рулдуу автоунааларды киргизүүгө тыюу салуу боюнча норманы көзөмөлдөй алабы, деп кызыкты. «Машиналардын саны мурдагыдай бойдон. Сиздер акырындап киргизе аласыздар жана дал ушул киргизүүгө…
Россиянын өкмөтү Россияда иштөө үчүн Кыргызстандын жарандарын алуу тууралуу макулдашуу долбоорун жактырды
Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев өзүнүн токтому менен, Федералдык миграциялык кызмат даярдаган, КР жарандарын Россияда эмгек ишмердүүлүгү үчүн тандоо жөнүндөгү Кыргызстан менен жазылган макулдашуунун долбоорун жактырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.«Макулдашуунун максаты — россиялык…
Кыргызстанда майда мамлекеттик сыйлыктар кыскартылат
Жогорку Кеңеш Кыргызстанда майда мамлекеттик сыйлыктарды жоюу боюнча мыйзам долбоорун талкуулап, экинчи окууда добуш берүүгө жиберди. Мындай чечим парламенттин 20-ноябрдагы жыйынында кабыл алынды. Демилгечилер сыйлыктардын тизмегин кыскартуу максатында “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген куруучусу” деген сындуу…
