жаз

Марттын алгачкы айы адаттагыдан жылуу болот. Кыргызгидрометтин метео-болжол бөлүмүнүн башкы адиси Юлия Алькинанын билдирүүсүндө, республиканын бардык аймактарында абанын орточо температурасы климаттык нормадан 1-4 градуска жогору болоору күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 5…7, Талас жана Ысык-Көл өрөөндөрүндө 2…4, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын пахтачылык аймактарында 6…8 градус жылуу, ал эми Нарын облусунун дыйканчылык зоналарында 1…3 градус суук болот.

Чүй облусунда абанын температурасы бир калыпта сакталбай түнкүсүн 1…6 градустан 7…12 градуска чейин жылыса, айрым күндөрү үшүк жүрүп 0…2 градус суук болот. Ал эми күндүзү 9…14 градустан 20…25 градуска чейин жылыйт. Талас облусунда түнкүсүн 1…6 градус жылуу болот. Айрым күндөрү түнкүсүн үшүк жүрүп, 1…3 градус суук болоору күтүлөт. Күндүзү 5…10 градустан 17…22 градуска чейин жылыйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын пахтачылык аймактарында түнкүсүн 1…6 градустан 7…12 градуска чейин жылуу, ал эми тоолуу райондорунда үшүк жүрүп, 0…2 градус суук, күндүзү 8…13 градустан 17…22 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көлдүн алдыңкы аймактарында түнкүсүн 2 градус сууктан …3 градуска чейин жылыйт. Күндүзү абанын температурасы 4…9 градустан 11…16 градуска чейин жылыса, Нарын облусунун дыйканчылык зоналарында абанын температурасы 10…15 градустан 1…6 градуска чейин суук болушу, ал эми күндүзү 0…5 градус сууктан 9…14 градуска чейин жылыйт.

Февраль айы менен салыштырмалуу март айында жаан-чачын көбүрөөк болушу күтүлөт. Чүй жана Талас облустарында жамгыр нормадагыдан көбүрөөк жаай турган болсо, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл менен Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын сейрек болот.

Жалпы эле метеорологиялык байкоолорго таянсак, 1971-жылдын 16-мартында борбор калаабызда абанын температурасы 30,5 градуска чейин көтөрүлгөн.

Бактыгүл Кулатаева