Букмекерлерден 17 миллион 600 миң сом салык түшөт
Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар букмекер кеңселерин жабуу демилгесин талкуулашты. Маалыматтарга караганда, букмекер кеңселеринен бюджетке жылына 17 миллион 600 миң сом киреше түшөт. Кеңселердин жабылышын колдогон депутаттар “бул сумма көп деле эмес, булар казинолордун куйругу жаап салуу керек, казинолорду жабаарда да Кыргызстан эми ачка калат дешти эле жакшы эле жашап жатабыз, жаап салуунун эч коркунучу жок”-деп билдиришти депутаттар. Ал эми кеңселерди жабууга каршы чыккан айрым депутаттар, букмекерлер жабылса, алар таап жаткан каражаттар башка жолдор менен сыртка чыгарылып кетерин айтышты.
Айнура ШАЙКЕЕВА


Leave a Reply