Борбор шаардагы таштандыларды чыгарууну жолго салууга багытталган ратификациялык мыйзам долбоору каралууда
Бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында “Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу долбоору” боюнча финансылык колдоо үчүн Борбордук Азия боюнча Европа Союзунун Инвестициялык фондунун (“EU IFCA”) инвестициялык гранты боюнча гранттык макулдашуу долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Бул маселе боюнча КР Финансы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков менен Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов маалымат беришти.
Долбоордун максаты Бишкек шаарында катуу таштандыларды жөнгө салуу тутумун жакшыртуу боюнча “Тазалык” муниципиалдык ишканасына көмөктөшүү болуп саналат.
Маалыматка ылайык, гранттык макулдашуунун жалпы суммасы 22 млн. евро – 11 млн. евро насыя түрүндө, 11 млн. евро грант түрүндө. Каражаттын бир бөлүгү таштандыларды иргөөчү завод курууга, бир бөлүгү тиешелүү жабдууларды алууга, ал эми дагы бир бөлүгү таштанды төгүлгөн жерди рекультивациялоого каралып жатат. Ошону менен катар аталган заводго чейин айланып өтүүчү жол куруу, заводду суу жана электр кубаты менен камсыздоо дагы долбоорго киргизилген. Мындан сырткары, таштанды ташуучу унааларга jpc-нваигатор тутумун орнотуу дагы камтылган.
Талкууда депутат Эсенгул Исаков мындай колдоого аларлык иште эң башкысы ачык-айкындуулук болушу керектигин баса белгилеп, инвестиция өз максатына жеткендей болушун талап кылды. Курула турган таштанды иргөөчү завод азыркы шаардык таштанды төгүлгөн жердин ары жагында жайгашат. Бул маселени тактаган депутат Эркингүл Иманкожоева долбоордо ар бир тыйын кайда жумшала тургандыгы боюнча так эсеп-кысап жоктугун сынга алды. Комитет төрагасы Сайдулла Нышанов болсо элди таштандыларын бөлүнгөн жерлерге топтоого тарбиялоо үчүн социалдык роликтерди даярдап, калкка жайылтуу менен таштанды ташуучу унааларды баасына эмес, ыңгайлуулугуна карап сатып алуунун сунуштады. Социалдык роликтер маселесин улаган депутат Мамытбай Салымбеков, Эсенгул Исаков каралып жаткан долбоордун кандайдыр бир бөлүгүн таштандыларды жөн салды эле таштай бербей, белгиленген жерлерге таштоону элдин аң-сезимине сиңгендей жарнак-көрнөктөрдү жарыялоонун маанисин айрым чет өлкөдөгү мисалдар менен салыштырып беришти.
Жыйынтыгында депутаттардын сын-пикирлерин эске алуу менен гранттык макулдашууну жактырышты.


Leave a Reply