боинг

Демилгечи Муратов же Эне-сайда пайда болгон идея

Амирбек Муратов ички иштер кызматында иштеп жүрүп эс алууга чыккан соң Россияга эмгектенүүгө аттанат. Ал жакта мекендештерине укуктук жактан жардам берүүнү колго алат. 1986-жылдан бери Токтогул Сатылгановдун Сибирдеги турмушун изилдеп жүргөндүктөн Иркутск облустук Токтогул Сатылганов атындагы фонддун төрагасынын орун басары кызматын да колго алат.

Алыскы Россиядан мекенине келээрде кээде аба лайнерине олтурганда учактарга Кыргызстандагы залкар инсандардын ысымдарын ыйгарууну ойлонуп, кыялдана берчү. Көрсө, Амирбек кечигип калган экен. Айрым аба кемелерине эчак эле Манас, Айчүрөк, Курманжан Датка, Айтматовдун ысымдары берилип калыптыр. Муратов тоо булбулу Токтогулдун ысмы берилишин тилек кылып жүрдү.

Токтогул баскан жол менен

Бул оюн Амирбек 2014-жылы 7-февралда «Эркин Тоо» гезитине «Токтогул баскан жол менен» деген чакан маалыматы аркылуу коомчулукка билдирди. “Эркин Тоо” гезити аркылуу көтөргөн демилгесин, сунушун Президент А.Атамбаевге да жолдоду.

Президенттин жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары С.Субанов А.Муратовдун кайрылуусун КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жолдойт. Министрдин орун басары А.Мурзабеков Сибирь тарапка каттап жаткан авиакомпаниялардын аба кемелерине атактуу инсандардын ысымдары коюлгандыгын, жаңы учактар сатылып алынса, Т.Сатылгановдун ысмын ыйгаруу маселеси караларын билдирген жооп кат жолдошкон.

 Кыялдар орундалат

17-октябрь күнү Т.Сатылгановдун 150 жылдык мааракеси белгиленип жатканда Кыргызстандагы ММКлар «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын «Боинг – 737 500» учагына Т.Сатылгановдун ысмы ыйгарылганын жар салышты. Кыргыз Өкмөтү улуу акындын мааракесине карата ушундай чечим кабыл алды. Акындын ысмы жазылган учак жаңы каттамдарга жаңы ысым менен каттай баштады.

Иркутскидеги Сатылганов фонду

Фонд 2003-жылы түзүлгөн. Иркутск шаарына Т.Сатылгановдун эстелигин тургузуп, көчөлөрдүн бирине ысмын берүү фонддун негизги максаттарынын бири. Шаардын архивинен акынга байланыштуу маалыматтарды изилдөө улантылууда. 2005-жылы фонддун төрагасынын дагы бир орун басары Кубаныч Анашев тарабынан «По стопам Токтогула» аттуу документалдуу фильм тартылып, ал Кыргызстанда КТР жана ЭлТР телеканалдары аркылуу көрсөтүлгөн.

Амирбек Муратов Красноярск шаарында жашайт. Т.Сатылгановдун 150 жылдыгы шаарда белгиленип, мааракеге карата «Токтогулду эскерүү» аттуу ырдын бет ачары да болуп өттү. Бул шаарда кыргыздар үчүн кыргыз тилинде “Мекендештер” аттуу гезит чыгып турат. Красноярск шаарында жашап, иштеп жаткан мекендештери демилгечи А.Муратовго ыраазылык билдиришип, ийгилик каалашты.

ТОКТОГУЛДУ ЭСКЕРҮҮ

Сөзү, обону: Амирбек Муратовдуку

Жаш кезиңден колго алып комузду,

Өз элиңдин күнүн ырдап сыналдың.

Комуз чертип азаттыкка чакырып,

Токтогул деп өз атыңды чыгардың.

Таамай айткан сөзүң менен сен курчуп,

Тайманбастан эл талабын талаштың.

Ар бир сөзүң кайталангыс мурастай,

Насыйкатты, санат ырын жараттың.

Айдатышты сени алыс сүргүнгө,

Жеңип келдиң кыйынчылык күндөрдү.

Сибирь суугу майтаралбай эркиңди,

Кайтып келдиң туулган жериң Жийдеге.

Өтсө дагы эки кылым арадан,

Деп келебиз күүнүн башы Камбаркан.

Мына бүгүн мааракеңди өткөрүп,

Таазим кылып элиң турат, эскерип.

Асан Жунусов