мари

Галина Марипованын улуту орус. 1984-жылы Баткенге агроном болуп келип, тагдырдын буйругу менен Баткенге келин болуп калат. Өмүрлүк жолдошу Калмат Мариповко турмушка чыгып 4 перзенттүү болушат. Союз тарагандан кийин Галина Марипова агрономдук кесибин таштап электр энергиясын эсептөөчү контролер кызматына өтөт. Андан бери 16 жыл өттү. Кесиптештеринин алдында өз ишин так аткарган Галина Марипова абоненттери менен так иштешет. Азыр бул айым көзөмөлдөгөн айылдарда электр энергясына болгон элдин карызы жок.

Галина Марипова күйөөсүнүн фамилиясына өз ыктыяры менен өткөн. 8 перзенттүү орус улутундагы бул айым кыргыздын каада-салтын өзү жашаган айылдаштарынанда мыкты билет. Кыргыз тилин так сүйлөйт, Баткенде отуз жылдан ашуун өмүр өткөргөн Галяны айылдаштарыда өтө  урматташат. Себеби, ал айым айылдаштарына көп жардамдарын аябайт. Ошондуктан  айылдаштары Галина Мариповнаны «Ак көңүл Галя» деп коюшат.

Баткен районунун түпкүрүндөгү айылдарынын бири Чоң-Талаада келин болгондо айылдаштары шаарда жүргөн орус кызы кыргыздын жашоосуна көнмөк беле, кайсы бир күнү кетип калат деп сөз кылып да жүрдү. Тескерисинче күн өткөн сайын кыргыздын жашоосуна көнүп, көмөч нан бышырып, уй саап, тоок баккан жагынан Галина баарын артта калтырган.

А.Акматов, Баткен облусу