Биз 2014-жылдын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамды баштан аяк толугу менен жабабыз

Биз 2014-жылдын республикалык бюджетин баштан аяк толугу менен жабабыз, деп убадалады 10-декабрда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, 2015 жылга карата республикалык бюджет, жана 2016-2017-жылдарга карата болжолунун долбоору каралган Жогорку Кеңештин отурумунда.
Мурдараак депутат Исмаил Исаков (КСДП), 2015-жылга карата республикалык бюджет жөнүндөгү мыйзам долбоорго кандай негизги өзгөртүүлөр киргизиле тургандыгын сураган.
«Жалпысынан макулдашылган нормалар баары киргизилди, сандар такталды ЖКнын Бюджет жана каржы боюнча комитети мыйзам долбоорду киргизүүнү колдоду», – деди Жоомарт Оторбаев.
И.Исаков өз кезегинде, өкмөт башчы менен министрлер бул алардын милдети болгондугуна карабастан Конституциянын негизинде мыйзамдарды аткара албай тургандыгын айтты.
Сарпашев эгер баардык сунуштар эске алынса анда, дагы 15 млрд сом киргизилиши керектигин айтып жооп берди.
Депутат Надира Нарматова («Ата Журт»), Ноокат-Араван жолу тууралуу маселени көтөрүү менен, 2015-жылы жолдун 2,5 км тилкеси оңдолобу деп сурады.
Транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султанов эгер республикалык бюджеттин долбоору бекитилсе, анда, титулдук тизме да бекитилерин билдирди. Маалымат катары, министрлик жылына 120-125 км жол саларын же өлкөнүн бир районуна 3 км жол туура келерин кошумчалады.

Leave a Reply