Бишкектин Туңгуч кичи районундагы муниципалдык имараттын терезеси сындырылып, туруктуу жашаган үй-жайы жок адамдар түнөк кылып алышкан (фото)
Бишкек шаарынын «Туңгуч» кичи районунда жайгашкан №57 үйдөгү муниципалдык имараттын терезеси сындырылып, туруктуу жашаган үй-жайы жок адамдар ал жерди түнөк кылып алышкан. Бул тууралуу Маршал аттуу окурман тарабынан «Репортерго» жөнөтүлгөн маалыматта айтылат. Билдирүүгө ылайык, аталган даректеги муниципалдык имарат коомдук тамактануучу жай үчүн каралган.
«Имараттын ичинде, раковина, аралаштыргычтар, вентиляция системасы, жылытуу жана абаны кондициялоочу кымбат баадагы жабдуулар орнотулган. Мурунку жолу муниципалитет сындырылган терезени OSB плитасы менен тоскон. Бул ирет башка терезеси сындырылды.
Эмне үчүн муниципалитет өзүнүн мүлкүнө караты шалаака мамиле кылат? 4 жылдан бери бош турган имарат бузулуп баштады. Кароолчу жок», – деп айтылат окурмандын билдирүүсүндө.
![]()
Булак : Баракелде

Leave a Reply