бөбөк
 Бишкек шаарындагы №4 төрөт үйүндө менин жаңы төрөлгөн баламды оорукчан кызга алмаштырып салышты, деп билдирди бүгүн, 13-январда жаңы төрөлгөн наристенин атасы Кутман Мамадалиев АКИpress агенттигине.

Анын айтымында, ал өзүнүн 23 жаштагы аялы И.Айнагүлдү 10-январда түн ичинде №4 төрөт үйүнө алып келген. Аялы көз жаргандан кийин дарыгерлер баланы алмаштырып коюшкан.

«Менин аялым бул жерде биринчи жолу төрөп жаткан жок. Мен аны түндө алып келгем. Төрөттүн алдында мени 2-кабатка түшүшүмдү сурашты. Айнагүл 3-кабатта төрөдү. Мени кайра 3-кабатка чакырышканда мага кыз төрөлгөндүгүн, бирок ал белинен грыжа оорусу бар болуп төрөлгөндүгүн айтышты. Аялымдын айтышынча, ал төрөрү менен баланы алып кетишкен жана бир нече мүнөттөн кийин кайра алып келишип кыз төрөлгөндүгүн айтышкан», – деди ал.

Бирок, Мамадалиевдин билдиришинче, аялы кош бойлуу кезде УЗИде эркек бала экендиги аныкталган.

«Менин билишимче төрөттү 3-4 киши кабыл алат. Бирок, ал күнү менин аялымдын төрөтүн 8 аял кабыл алган. Бул шек жаратып жатат. Анын үстүнө анын төрөтү оор болгон эмес. Ал наркозу жок өзү төрөдү», – деп түшүндүрдү баланын атасы.

Кутмандын белгилешинче, кыздын төрөлүшүнөн кийин №4 төрөт үйдүн дарыгерлери кызды №3 балдар үйүнүн жандандыруу бөлүмүнө жаткырышкан.

«Кыз азыр жандандыруу бөлүмүндө жатат, жубайым болсо №4-төрөт үйдө. Дарыгерлер азыркыга чейин мени бул менин кызым экендигине ишендирип жатышат. Бирок менин аталык сезимим бар, мен ишенем алар баланы алмаштырып салышты. Кечээ жаңы төрөлгөн ымыркайга операция кылышкандыгын жана ал азыр жакшы экендигин айтышты. Мен №3 балдар ооруканасынын Фархад аттуу дарыгерине чалдым, бирок ал эч кандай операция болбогондугун айтты», – деди ал.

Ошондой эле, ал кошумчалагандай, анын тууганы бала алмаштырылгандан кийин дароо журналисттерди чакырууну чечкен. Бирок, келген тележурналисттерге №4 төрөт үйдүн башкы дарыгери Бурул Алмазбекова аталган жагдайга комментарий берген эмес.

Баланын атасы кечээ, 12-январда ал бул жагдайга карата чара көрүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги, укук коргоо органдары жана прокуратурага арыз жазгандыгын кошумчалады.