Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү
Бүгүн, 2014-жылдын 12-декабрында, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара башында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун тарыхы жөнүндө документалдуу фильм көрсөтүлдү.
Мааракенин салтанаттуу бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчиси Д. Нарымбаев куттуктоо сөзүн окуп, Сот органдарында көп жыл иштегендиги жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн бир катар судьяларга, Жогорку Соттун 90 жылдыгына арналган Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан энчилүү сааттарды тапшырды.
Кийинки куттуктоо сөздөрүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев айтышып, ардак грамоталарды тапшырышты.
Жогорку Соттун Төрайымы Феруза Жамашева кесиптештерин бүгүнкү маараке менен куттуктап, анын маанилүүлүгүн белгиледи жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жана жергиликтүү соттордун ведомстволук медалдарын айрым судьяларга тапшырды .
Мындан тышкары, салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын судьялары жана экс-судьялары, ардагерлери, Жогорку Соттун аппарат кызматкерлери, Жогорку Кеӊештин депутаттары, Өкмөттүн аппаратынан, министрликтерден өкүлдөр, Башкы прокуратуранын, мамлекеттик кадр кызматынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун өнөктөштөрү – эл аралык уюмдардын (донорлор) өкүлдөрү, ЖОЖдун жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышышты.
P.S. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Феруза Жамашеванын 90 жылдык мааракеге арналган сөзү тиркелет.


Leave a Reply