Бишкекте 6,5 килограммдан ашык салмактагы эркек бала төрөлдү
Борбор калаадагы №2-төрөт үйүндө 30 жаштагы келин 6 килограммдан ашык салмактагы эркек уулду жарыкка алып келди. Бүгүн, 14-январда аталган төрөт үйүнөн билдиришти.
Белгилүү болгондой, ымыркай 12-январда жарыкка келген. Анын салмагы – 6 килограмм 620 грамм, бою – 58 сантиметр. Көз жарган эненин үчүнчү баласы. Учурда эненин жана баланын ден соолугу канааттандырарлык экени маалым болду.


Leave a Reply