«Бишкек жылуулук тармактары» ишканасын 2014-2017 жылдарга жаңылоо программалы бар, учурда пландарды ишке ашыруу боюнча донорлук уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатап.

Бул тууралуу «Бищшкек жылуулук тармактары» ААКтын жетекчиси Эркин Абдыкалыков бүгүн, 9-декабрда Tazabek басылмасында онлайн-конференция аркылуу окурмандардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Жаңылоо пландарыбыз бар. 175 млн доллар суммасындагы каражатка — магистралдык жылуулук тармактары (түтүктөр), насостук станциялар, жеке жылуулук түйүндөр, ысык суу эсептегич приборлор, жылуулук эсептөөчү приборлор боюнча программабыз бар. Пландарды ишке ашыруу боюнча донорлук уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат .

Азыр Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүп жатабыз инвестициялар, насыя туралуу. Даниялык компаниялар менен насостук жабдыктарды алмаштыруу боюнча, кытайлык компаниялар менен түтүктөрдү алмаштыруу боюнча сүйлөшүлөр жүрүп жатат», – деди Э.Абдыкалыков.