кар кочкусу

      Бишкек-Ош унаа жолунда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу КРнын Унаа жана байланыш министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жол-кайгуул кызматынын, жергиликтүү бийликтин кызматкерлери менен биргеликте кар көчкүлөрүн атайлап түшүрүү иш-чараларын уюштурууда.

Бишкек–Ош унаа жолунда 2014-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин артиллериялык эсепетиринин жабдыктарын колдонуу менен  Бишкек – Ош  унаа жолунда кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү боюнча  иш чаралары жүргүзүлдү:

 1. Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымында саат 09:55 ден 10:10 го чейин 3 жолу артиллериялык атуу болуп, 1000 м3 кар көчкүсү түшкөн, бирок унаа жолго жеткен жок.

2.  Бишкек-Ош унаа жолунун 133-чакырымында саат 12:05тен 12:30га чейин 9 жолу артилериялык атуу болуп, бирок кар көчкү түшкөн жок.

3.  Бишкек-Ош унаа жолунун135-чакырымында саат 12:35тен 12:45ке чейин  3 жолу артилериялык атуу жүргүзүлүп, кар көчкүсү түшкөн жок.

Артиллериялык эсеп Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымына саат 12:50дө жөнөп кетишти. Аткылоо иштери улантылууда.