оторбаев1

Кечээ, 29-январда Бишкек мэриясынын 2014-жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиясы Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин катышуусу менен өттү. Коллегияда Бишкек мэриясы шаар ичиндеги жолдорду оңдоп түзөө, курулуш, коомдук транспорт, социалдык  сферада аткарылган иштер тууралуу маалымат берилди. Жыл ичинде Кытай Эл Республикасынын  Өкмөтүнүн гранттык каражатынын эсебинен  Ж.Бөкөнбаев жана Л.Толстой көчөлөрү жаңыланган. Шаардык бюджеттин эсебинен Токтогул, Гоголь, Н.Исанов, К.Акиев атындагы көчөлөр оңдоп түзөлгөн. 5,4 млн.сомду түзгөн 142,6 миң чарчы метр жолдорго жамоо иштери жүргүзүлгөн. Суммасы 25,8 млн. сомду түзгөн 14,4 миң чарчы метр аянтты түзгөн жол оңдолгон.  Жалпы суммасы 25,8 млн.сомду түзгөн 14,4 миң чарчы метр жол оңдолуп түзөлгөн. Жыл ичинде “Бишкек жылуулук энергия” тармагына суммасы 16,8 млн. сомду түзгөн оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. АРИСтин жардамы менен “Орок”, “Рухий Мурас”, “Дордой” жаңы конуштарына жол чырактар коюлуп, конуштардагы мектептердин курулуш тармактарына 44,7 млн. сом сарпталган.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА