Бир катар мыйзамдарды күчүн жоготту деп эсептөө боюнча мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди
Бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңеш жыйынында Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов баяндама жасаган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп эсептөө жөнүндө” мыйзам долбоору 1–окууда добуш берүүгө жиберилди.
А.Шыкмаматовдун айтымында, министрликтин алдында Мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча ведомсволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен 11 мыйзамды күчүн жоготту деп эсептөө боюнча чечим кабыл алынган. Бул мыйзамдар колдонуудан чыккан, актуалдуулугун жоготкон мыйзамдар болгондуктан, жаңы кабыл алынып жаткан мыйзам актыларына карама-каршылыктарды, коллизияларды жаратпашы үчүн күчүн жоготту деп табуу сунушталган деп билдирди Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.


Leave a Reply