ош3- ош ош1- ош2-

Отчеттук мезгилде Ош шаарынын экономикалык өсүшүнө бир катар сырткы жана ички факторлор терс таасир эткен.  Алардын орчундууларын атай кетсем:

1. 2014-жылдын апрель айында Өзбекстан тарабынан Ош шаарына газ берүүнү токтотулушу өнөр жай продукциясынын көлөмүн көбөйтүүгө, шаар тургундарынын күнүмдүк жашоосуна кедергисин тийгизген.

2.  Июнь айында Ош-Эркечтам жолунун жабылып турушу да кыргыз-кытай ишканаларынын жаңы жабдууларын алып келип орнотууга (мисалы биргелешкен кыргыз-кытай Жин-Мей ишканасынын жабдуулары 1,5 айга кечигип келген) жана соода көрсөткүчтөрүнө терс таасирин тийгизди.

3. Дүйнөлүк валюта базарында болуп жаткан өзгөрүүлөргө, Украинага байланыштуу Россияга каршы киргизилген санкциялар, жыл башынан бери нефтиге карата баанын 107,63 доллардан 45 долларга чейин төмөндөшү менен байланыштуу жылдын башынан бери АКШ долларынын сомго карата куну 15% , же 49,18 сомдон 60,0 сомго чейин өскөн –деп өз баяндамасында токтоло кетти Ош шаарынын биринчи вице-мэри З.Аскаров.

Биринчи  вице –мэрдин айтымында, айрым себептерден жыл башында күйүүчү майлоочу майлардын орточо баасы А-80 маркасы 33,65 сом болсо, жыл ичинде  44,0 сомго чейин, же 30,1%га, А-92 маркасы жыл башында 36,45 сом болсо, 52,70 сомго чейин, же 44,6%га өскөн. Ал эми дизелдик майдын орточо баасы жылдын башында 40,65 сом болсо, 44,7 сомго чейин, же 10,0%га жогорулаган. Күйүүчү-майлоочу майларга баалардын жогорулашы өз кезегинде өндүрүлгөн продукциянын өздүк наркынын жана жалпы эле базар бааларынын жогорулашына алып келгендиги коллегиялык  отурумда маалымдалды.

 Г.Жороева, Ош шаары