“Бир айыл – бир продукт” долбоорунун өкүлү Н.Эркинбаева:”Продуктылардын колго жасалышы, колдонулуучу материалдардын табигыйлыгы товарлардын баалуулугун арттырат”
8-декабрда Жогорку Кеңештин “Парламент” радиосунда JICA (Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги) колдоосу астындагы “Бир дүйнө – бир продукт” долбоорунун жетекчисинин кеңешчиси Харагучи Акихиса, координатору Ешизава Юмико жана кыргыз тараптан өкүл Наргиза Эркинбаева келип, долбоордун ишмердүүлүгү, өндүргөн продуктылары жана алардын экологиялык жактан тазалыгы тууралуу маек куруп, угармандардын суроолоруна жооп беришти.
Долбоордун өкүлдөрүнүн айтымында, азырынча бул долбоор Ысык-Көл облусунда гана иштеп жатканын, келечекте бул моделди башка облустарга да жайылтуу планы бар экенин билдиришти. Долбоордун алкагында кийизден жасалган ар кандай буюм-тайымдар, кыямдар (варенье), шакар самындар – баары колго жасалат. Кийиздердин 100% жергиликтүү койдун жүнүнөн (меринос пародасындагы). Колдонулуучу боектордун баары табыгый – жалбырактар, чөптөрдөн алынат. Мунун баары биздин товарларга баалуулук берет деген Н.Эркинбаева бул долбоор чет жактан жардам күтүп отурбастан, өз айылында кандай жергиликтүү ресурс бар экенин карап, ал ресурстан бир нерсе өндүрүп, аны рынокко чыгарып сатууну жолго коерун баса белгиледи.
Долбоор жетекчисинин кеңешчиси Х. Акихиса азырынча кийизден жасалган гана буюм-тайымдар Жапония, Европа, Америка рынокторуна чыгаруу көздөлүп жатканын, тамак-аш продуктуларын келечекте чыгаруу планы бар экенин, балким, аларды жакынкы өлкөлөргө чыгаруудан башталаарын билдирди. “Чет өлкөгө экспорттоодо Кыргызстанда эмне бар эмес, рынокко эмне керек дегенди эске алышыбыз керек”,-дейт Х. Акихиса.
Бул долбоор тарабынан өндүрүлгөн товарлар Жапониянын “Муджи” («Muji») ири дүкөндөрүнө коюлуп сатылат. Өндүрүлө турган товардын дизайны “Муджи” тарабынан берилет. “Кыргызстанда жасалып, Жапонияда сатылып жаткан товарлардын этикеткасында Кыргызстанда жасалгандыгы, колдонуу, сактоо эрежелери жазылат”,- дейт Н.Эркинбаева.
Эске салсак, Төрага А.Жээнбеков башында турган Жогорку Кеңештин расмий делегациясынын Жапонияга болгон иш сапарында JICAнын (Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин) президенти Акихико Танака Кыргызстан менен өнөктөштүктүн ийгиликтүү мисалы катары JICAнын Кыргызстандагы кийизден буюмдарды жасоо боюнча «Бир айыл – бир продукт» долбоорун атаган. Расмий делегациянын курамындагы эл өкүлдөрү Кыргызстандан жасалган кийиз буюм-тайымдарынын түрлөрү «Mуджи» жапондук ири бренд дүкөнүндө сатылып жатканына күбө болушкан деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.


Leave a Reply