биометрика1

Учурда баш калаабыз Бишкекте биометрикалык маалыматтарды жыйноо кызуу улантылууда. Стационардык туруктуу пункттардан тышкары жогорку окуу жайларда жана мамлекеттик мекемелерде маалымат жыйноо боюнча мобилдүү топтор иштөөдө.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкек шаары боюнча биометрикалык маалымат жыйноочу пункттардын даректерин www.grs.gov.kgрасмий сайтына жана Фейсбук баракчасына жайгаштырды. Даректерди мындан сырткары (0312) 87-33-33 номери боюнча колл-борбордон билүүгө болот.

Атай Алтымышев