БАЖЫ

24-ноябрда Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы алдында Өкмөттүн кезектеги жыйыны өттү.

Анда Кыргызстандын Бажы биримдигине жана экономикалык бирдиктүү аймакка кошулуусу үчүн зарыл деп эсептелген ченемдик-укуктук актылардын, ипотекалык кредиттөөнү өнүктүрүү программасынын долбоорлору, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Бажы биримдигине жана бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуунун Жол картасы 59 укуктук-ченемдик актыларды эки этапта кабыл алууну талап кылат. Алардын бир катары коомдук талкуулоо процедурасынан өткөн. Документтердин баарысы ушул жылдын 23-декабрында мамлекет башчылардын деңгээлинде өтүүчү Жогорку экономикалык кеңештин жыйынына карата кабыл алынышы зарыл.